Өзгөндүн акими башкы прокурор Курманкул Зулушев «өкүл атасы» экенин төгүндөдү

Руслан Мейматкулов. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусундагы Өзгөн районунун акими Руслан Мейматкулов башкы прокурор Курманкул Зулушевдин «өкүл баласы» эмес экенин «Турмуш» басылмасына билдирди.

«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен тууганчылык дагы жайым жок. Өкүл атам Өзгөн районунун Чыңбай айылынын тургуну», — деди Мейматкулов.

Буга чейин 3-ноябрда Өзгөн районунун тургуну президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго «жаңы аким Зулушевдин өкүл баласы» болгонуна даттанган.

Жапаров болсо «чаң-тополоңдо кээ бирлери туугандарын, тааныштарын “түртүп” жибергени» мүмкүн экенин айткан. Ошол эле учурда премьер-министр жаңы дайындалган кадрлар убактылуу экенин белгилеген.

Ошондой эле, Жапаров Өзгөндүн мурдагы акими Болот Дыйканбаев эки-үч айдан кийин акимчиликке кайрадан талапкерлигин койсо болорун билдирген.

Өзгөндүн жаңы акими Руслан Мейматкулов бул кызматка 21-октябрда дайындалган.