Өзгөндүн тургуну райондун жаңы акими баш прокурор Зулушевдин «өкүл баласы» экенине даттанды

Руслан Мейматкулов / Курманкул Зулушев

3-ноябрда Ош шаарында президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров тургундар менен жолугушту. Чогулгандардын арасында Ош облусунун Өзгөн районунда жашаган аял Жапаровго кайрылып, аларга жаңыдан дайындалган аким Курманкул Зулушевдин «өкүл баласы» экенине даттанды.

Экс-депутат Курманкул Зулушев 21-октябрда Башкы прокурор болуп дайындалган. Буга чейин ал «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты болгон. Өткөн шайлоодо Зулушев Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон.

Ал эми Өзгөндүн жаңы акими Руслан Мейматкулов бул кызматка 21-октябрда дайындалган.

«Сен өзүңдүн оозуң менен айтып жатасың: “Коррупциясы жок, акчасы жок акимдерди жана башкаларды жумушка алып жатабыз” деп. Мен Өзгөн районунан келдим. Өзгөн жана Советтин [Кара-Кулжа району] акимдери тааныштар аркылуу эле алмаштырылды. Бизде Зулушев деген бар, ошонун өкүл баласы Өзгөн районуна аким болду», — деди ал.

Жапаров «чаң-тополондо кээ бирлери туугандарын, тааныштарын түртүп жибергени» мүмкүн экенин айтты. Ошол эле учурда премьер-министр жаңы дайындалган кадрлар убактылуу экенин белгиледи.

«Мен ал кишини тааныбаймын, алмаштырдык. Мүчүлүштүктөр бар, аны моюнга алабыз. Бул кадрлар эки жарым, үч айлык кадрлар. Реформадан кийин бардыгы комиссия тарабынан каралып, чечилет. Убакыт бериңиздер, үч ай чыдап туруңуздар», — деди Жапаров.

Кийинчерээк Өзгөн районунун мурдагы акими Болот Дыйканбаев да сөз алып, ал акыркы окуялардан улам кызматынан бошотулганын айтты. Көп өтпөй Дыйканбаев Жапаровго кайрылганда, премьер-министр акимди кайрадан кызматына кайтаруу керектигин айткан.

«Жардамчыңызга айттыңыз: “Ордуна барып иштесин, жакшы иштей турган ниеттери бар экен, элге болгон проектилери бар экен” деп айттыңыз. Бирок ошол дайындалган документтерди кол коюу учурунун акыркы этабында эмнегедир мени жолотушпай койду», — деди Дыйканбаев.

Жапаров буга чейин Дыйканбаевге өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын сунуштаганын эскертти. Бирок Дыйканбаев бул кызматтан баш тарткан.

«Кайра ордуңузга алып келели дедик. Бирок кайра ойлондук, эми эки жарым ай убакыт калыптыр реформаларга. “Күн сайын аким алмашып жатат” дедиртпей, ушул эки ай чыдап туруңуз дедим. Эки айдан кийин ушул акимчиликке койсоңуз болот, жаңы система орнотулганда. Кимиңиздер күчтүү болсоңуздар, эл колдосо өтүп кетесиздер. Эми эки жарым, үч ай чыдап туруңуз», — деп жооп берди Жапаров.