Foreign Lobby Report сайты АКШнын Юстиция министрлигине таянып, Кыргызстан Канаданын Dickens & Madson Canada компаниясы менен 1 млн долларга келишим түзгөндүгү тууралуу материал жарыялады. Израилдин аскердик чалгындоосунун мурдагы офицери Ари Бен-Менаше жетектеген компания бул сумманын жарымын алган.

Компания Кыргызстандын кызыкчылыктарын сүрөмөлөп турушу керек. Ал саясий кризис жана бийлик алмашкандан кийин өлкөгө демөөрчүлүк жардамдарды тартышы зарыл.

Маалымат ресурсу белгилегендей, келишим Кыргызстан кандай гана булактан болбосун жардам издеп жаткандыктан 30-октябрда түзүлгөн: коронавирустун пандемиясы экономикага чоң зыян тийгизүүдө. Өлкөнүн Кытай алдындагы тышкы карызы да өсүп жатат.

Жапаровдун басма сөз кызматы эмне деп жатат?

Президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Галина Байтеректин айтымында, Жапаровдун келишимге эч кандай тиешеси жок жана бул сыяктуу маалыматтын пайда болушу шайлоо алдында аны каралоо максатында чыккан маалымат болушу мүмкүн.

«Биздин мыйзамдарга ылайык, мамлекет менчик компаниялардын келишимдик мамилелерин жөнгө сала албайт. Ошондуктан мамлекет башчысы мындай келишимдерге кол коюшу мүмкүн эмес. Кол койгондор Садыр Жапаровдун атына жамынган болушу мүмкүн. Президенттин милдетин аткаруучунун бул документке эч кандай тиешеси жок», — деп билдирген ал.

Тараган бул билдирүүнү өкмөттүн басма сөз кызматы да төгүндөдү.

«Аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын гана эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келээрин белгилеп кетебиз.

Өкмөт жеке компаниялардын келишимдерин жөнгө салбайт жана эл аралык аянттарда өз кызыкчылыгын сүрөөгө муктаж эмес, анткени, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык эл аралык уюмдар менен ишенимдүү мамилеге ээ.

Өкмөттө аталган маалымат «чындыкка жатпайт» жана Садыр Жапаровдун «ар-намысына шек келтирет» деп эсептешет.

Кыргыз өкмөтү эл аралык инвесторлор менен иш алып баруу боюнча ар кандай чечимдер Кыргыз Республикасынын мамлекетинин жана элинин кызыкчылыгын эске алуу менен гана кабыл алынаарын билдирет», — деп кабарлайт басма сөз кызмат.

Анда келишимди ким түзгөн?

Буюртмачы катары Садыр Жапаров эмес, Карчыгаев Абдыманап Жолдошевич деген адам көрсөтүлгөн. Ал Юстиция министрлигинде «Кримпресс» жана «Город Люкс» ЖЧКларынын жетекчиси деп жазылган.

Dickens & Madson Canada компаниясынын документинде «Ренессанс» агрардык-өнөр жай корпорациясынын мөөрү турат. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, корпорациянын жетекчиси — Карчыгаев Алтынбек Абдыманапович, ал жогоруда аты аталган Абдыманап Карчыгаедин уулу. Ал «Азаттыкка» курган маегинде атасы чындап эле сүрөөнчүлөр менен келишимге кол койгонун, «анын башкы максаты — мамкарызды төлөө» экенин билдирген.

Кыргызстанды чындыгында эле мамлекеттик карыз кыйнап турат, Жапаров мурдараак өлкөдө мамкарызды төлөө үчүн атайын эсеп ачылаарын айткан.

«Мага ишенген мигранттар, жеке ишкерлер банкка Кытайдын карызын төлөө боюнча атайын эсеп ачып жатышат. 2-3 күндө бул маселе чечилет. Ачылган эсептеги каражаттар элге, баарына ачык болушун камсыз кылабыз», — деп билдирген Жапаров.

Dickens & Madson Canada тууралуу эмне белгилүү?

Ари Бен-Менаше

Компания чет элдик агенттердин тизмесине кирет жана FARA деген атайын базада ишмердиги тууралуу отчёт берип турууга мажбур. Дал ошондуктан Американын Юстиция министрлигинде болжолдуу Кыргызстандын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө тууралуу келишимге байланыштуу маалымат пайда болгон.

Компания Израилдин атайын кызматынын мурдагы кызматкери Ари Бен-Менашеге катталган. 2019-жылы Amnesty International уюму Dickens & Madson Судандын аскер кеңеши менен кызматташарын маалымдаган. Судандын аскер кеңеши өз өлкөсүндөгү адам укуктарынын олуттуу бузулушуна жооптуу — анын ичинде тынч жүргөн демонстранттарга кол салуу учуру бар. Мунун натыйжасында 100дөн ашуун адам каза таап, эң аз дегенде 700 адам олуттуу жаракаттарды алган.

«[Келишим] Судандагы адам укуктарынын бузулушуна түрткү болбогонуна кепилдик бериш үчүн биз Канада өкмөтүн бул келишимди дыкат изилдеп чыгып, мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө чакырабыз», — деп билдирген ошондо укук коргоочу уюм. Компания буга чейин Зимбабвенин кулатылган диктатору Роборт Мугабенин жана Ливиянын таасирлүү аскери Халиф Хафтардын кызыкчылыктарын коргоп келген.