Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө үчүн атайын эсеп ачылды. Бул атайын эсептин алгачкысы эмес

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 4-ноябрда Ала-Бука районунун Көк-Таш, Көк-Серек айылдарынын жашоочулары менен жолукту. Жолугушууда жергиликтүү тургундардын көбү Кытайга болгон өлкөнүн сырткы карызы боюнча суроо узатышты.

«Мага ишенген мигранттар, жеке ишкерлер банкка Кытайдын карызын төлөө боюнча атайын эсеп ачып жатышат. 2-3 күндө бул маселе чечилет. Ачылган эсептеги каражаттар элге, баарына ачык болушун камсыз кылабыз», — деп жооп берди Жапаров.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушууларда Жапаров сырткы карыздан, анын ичинде Кытайдын карызынан кутулууга өлкөнүн ички ресурстары жетиштүү деген оюн айткан болчу.

Бийлик мамлекеттин карызын төлөөгө элди кандайча көндүрүп жатат?

Кытайга болгон карызды төлөп берүү үчүн кыргызстандыктарды жапа тырмак киришүүгө үндөгөн чакырыктар буга чейин да болгон.

Парламент депутаты жана «Айымдар кеңеши» коомдук бирикмесинин башчысы Айнуру Алтыбаева 19-октябрда каражат чогултууну сунуштаган. Анын айтымында, коомдук бирикме акча чогултпайт, болгону чогултуу процессин баштоого шарт түзүп берет.

«Учурда даярдоо иш-чаралары өтүп жатат, мамлекеттик банкта эсеп ачуунун шарттары сүйлөшүлдү. Каржы министри менен сүйлөшүүлөрдөн кийин ведомство эсепти ачуунун үстүндө иштеп жатат. Бардык төлөмдөр сайтта көрсөтүлөт, баары ачык болот», — деп билдирген Алтыбаева.

2018-жылы июнда, ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сырткы карыздан кутулуу үчүн «мамлекетке жардам бергиси келгендер үчүн» акча которууларга атайын эсеп ачууну сунуштаган.

«Азыр эки эсеп ачылганы жатат. Анан силердин кээ бир кызматташыңардан сунуш түшүп жатат, өз каалоосу менен "мамлекетке жардам беребиз дегендер да бар, ошолорго эсеп ачып берсеңер" деп. Аны биз ачып жатабыз. Ал азыр макулдашууда жүрөт. Финансы министрлигинин алдында эсеп ачабыз», — деп айткан ошондо өкмөт башчы.

2018-жылдын май айында парламенттин депутаты Камчыбек Жолдошбаев ЖЭБди жаңыртуу жана андагы авария боюнча депутаттык комиссиянын отчёту каралып жатканда ал бизнесмендерге кайрылып, каражат чогултуп Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөп берүүгө чакырган.

Анда «Ата Мекендин» депутаты Алмамбет Шыкмаматов өлкөдө чоң долбоорлорго каражат жоктугунан сырттан насыя алып жатат деп билдирген.

«Мындай сумманы элдин эсебинен алуу, бул алардын мойнуна салынган сыйыртмак болот. ЖЭБдеги жарылуудан улам, чиновниктер элдин чөнтөгүнө кол салганын көрсөтүп койду» – деген депутат.

Шыкмаматовдун бул оюн депутат Жолдошбаев дагы колдоп, бирок «кааласак да, каалабасак дагы карызды төлөш керек» деп белгилеген.

«Андан көрө фонд ачып койбойлубу? Бардык бизнесмендер акча чогултуп, бул карызды жабалы. Болбосо үч премьерибиз бул карызды асмандан алып төлөшөбү?! Элдин чөнтөгүнө карап отурбайлы, бизнесмендер өзүбүз акча чогултуп, бул карызды жабалы», — деп сунуштаган Жолдошбаев.

Кийин ал атайын эсеп ачылса сырткы карыздан кутулуу үчүн өз чөнтөгүнөн 1 млн сом которо турганын билдирген.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2007-жылы, премьер-министрлик кызматта турганында эки жолу атайын эсеп ачкан. Бирок Улуттук банктын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө эки эсеп тең жабылган.

«Чогулган каражаттардын кайда жумшалганы тууралуу маалыматты Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынан алууга болот. Бүгүнкү күндө эки эсеп тең жабылган, иштебейт», — дешти Улуттук банктан.

Алгачкы эсеп Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында улуттук валютада июнда ачылган. Беш жылдын ичинде ал эсепте 20 миң доллардан ашуун (803 миң сом) чогулган. Ал 2012-жылдын 24-июлунда жабылып, чогулган каражаттарды Улуттук банк Финансы министрлигине өткөрүп берген.

Экинчи элдик эсеп дагы 2007-жылы ачылган, бирок долларлык валютада. Ал эсепте 3 350 доллар гана чогулган. Бул эсеп 2012-жылы жабылган, ал эми акча сомго конвертацияланып (дээрлик 158 миң сом), Каржы министрлигинин эсебине которулган.

Кыргызстандын Кытайга карызы

Каржы министрлигинин маалыматына караганда Кыргызстандын жалпы сырткы карызы 4,7 миллиард доллар. Анын ичинен Кытайга болгон карыз анын 43,2%ын түзөт. Башкача айтканда 1,7 млн доллар же 43,2%ы Кытайдын Эксимбанкынан алынган.

Мындан тышкары, бул жылы Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүүгө, экономиканы колдоого жана бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн Кытайдан 742,9 млн доллар жардам сураган. Каражаттардын көпчүлүк бөлүгү насыя катары берилген.

АКШнын Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросунун маалыматына ылайык, Кыргызстан 2019-жылы өзүнүн ИДПсынан Кытайга болгон тышкы карызынын үлүшү боюнча дүйнөдө 5-орунда турган.

Ошондой эле, Кил дүйнөлүк экономика институтунун изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдө Кытайга болгон тышкы кредиттик карызы алардын ИДПсынан 25%дан ашкан жети өлкө бар жана Кыргызстан алардын бири. Мындан тышкары, ал тизмеде Жибути, Нигер, Конго Республикасы, Лаос, Камбоджа жана Мальдив бар.

Графикте 2017-жылы Кытайдан түз карыз алуудан келип чыккан дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн карыз деңгээли көрсөтүлгөн (ИДПдан пайыз менен эсептегенде)

Глобалдык өнүгүү борбору аналитикалык уюму карыздын ушунча чоң болушу Кыргызстанды Кытайдын алдында «каржы боюнча аярлуу» абалга такайт деп эсептейт.

Эгер Кыргызстан кредитти өз убагында жаба албаса, Кытай эл аралык сот аркылуу өлкөнүн каалаган активин талап кыла алат.

2018-жылы Кыргызстандын өкмөтү бир кредиторго болгон карыздын максималдуу босогосун орноткон — тышкы карыздын жалпы көлөмүнөн 50%ы.

Негизинен, Кытайдын кредиттери инфраструктураны, энергия секторун өнүктүрүүгө жана унаа жолдорун курууга берилген. Бирок, кытайлык насыяларды өздөштүрүүдөгү коррупция жана коротуу учурлары белгилүү.

Эң көрүнүктүү мисалдардын бири — бул Бишкек ЖЭБин Кытайдын TBEA компаниясынан 386 млн доллар кредиттин эсебинен жаңыртуудагы коррупция. 2018-жылдын январында ЖЭБдин эски корпустарында авария болгон, жыйынтыгында Бишкектин тургундары ызгаардуу суук мезгилде жылуулугу жок калган. Мындан улам ЖЭБди жаңыртууга кредиттин айкын коротулушун иликтөө башталган.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын экономикасы катуу жабыркагандыктан Кыргызстан Кытайдан карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн жылдырууну бир нече жолу суранган.

Буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, сырткы карыздын төлөө мөөнөтун узартууну жана төлөө шартын жеңилдетүүнү суранган. Акыркы жолу бул өтүнүч Кытай ТИМнин башчысы Ван И Бишкекке келгенде айтылган.