Фейсбуктун колдонуучусу Павел Исаенко өз барагына шаардын түштүк бөлүгүндө тартылган бир нече сүрөттү жарыялады. Анда шаардын үстүн толугу менен кара түтүн каптап калганын көрүүгө болот.
«Мындайды мурда көргөн эмесмин. Кара түтүн шаарды гана эмес, Бийтик дөңсөөсү менен ойдуңун каптап, Кыргыз кырка тоолорунуна чейин көтөрүлгөн. Бир гана Ата-Бейиттин жанында түтүн суюла түшкөн», – деп жазган Исаенко.
Анын ою боюнча, ЖЭБ дагы, жеке үйлөрдүн меши деле мынча кара түтүн пайда кыла алмак эмес, ал эми кара түтүндүн булагы болуп айылдардын айланасындагы өрттөлгөн аянттар эсептелет.
«Болгондо да Кеминден баштап бүткүл Чүй өрөөнү өрттөнүп жатат. Айылдыктарды жер иштетүүнүн жапайы жана варвардык ыкмаларынан баш тартууга үйрөтсө болбойбу?» – дейт колдонуучу.
Мыйзам боюнча, айдоо жерлерди өртөөгө тыйуу салынган.
Кара түтүнгө каршы митингдер
2019-2020-жылдардын кыш айларында Бишкекте кара түтүнгө каршы митингдер өткөн — жүзгө чукул адам экологиялык кырдаалга өз нааразычылыктарын билдирүү үчүн Бишкектин борбордук аянтына чогулган. Ал убакта Бишкектин абасы «ден соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыян» көрсөткүчүнөн «кооптуу» көрсөткүчүнө чейин өзгөрүп турган.
Анда шаар бийлиги калаада аба кооптуу экенин мойнуна алып, тургундардан бет кап кийип жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну суранган.
Борбор калаадагы абанын булгануу көйгөйү кара түтүндү шаар тургундары байкап баштаган 2017-жылдан бери талкууланып келет. Бирок Бишкектин абасында зыяндуу заттардын көптүгү он жыл мурда эле айтылган.
Бийлик Бишкектеги абанын булганышынын негизги себеби катары автоунаалардан чыккан түтүндөр деп эсептейт.
Аны менен катар кышкысын абанын сапатын жеке сектордо жашаган жана үйлөрүн көмүр менен жылыткан адамдар бузушат. Экологдор болсо көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздаган Бишкек ЖЭБдин чыгындылары абанын сапатына таасир берет дешет. Бирок бийлик жылуулук борборлорунда катуу бөлүкчөлөрдү 97% тазалаган күчтүү чыпкалар орнотулган деп айтып келет.
Абанын индекси бардык аба булгагычтар боюнча эсептелет. Алардын негизгиси — PM2,5 микро бөлүкчөсү. Бул бөлүкчөлөрдө ыштардын, асфальттын, автоунаа дөңгөлөктөрүнүн, оор металлдар бирикмелеринин, туздардын жана башкалардын майда бөлүкчөлөрү бар.
Мындай бөлүкчөлөрдүн массалык топтолуусу — абанын сапатын жана анын адамдын ден соолугуна зыяндыгын баалоо үчүн негизги параметр. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) ченемдери боюнча, РМ2.5 микро бөлүкчөсүнүн орто жылдык деңгээли 10 мкг/м3 ашпашы керек, ал эми орто суткалык деңгээли 25 мкг/м3 жогору болбошу зарыл.
«МувГрин» буга чейин абадагы РМ2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн бардыгын ченеген бир нече датчиктерди Бишкекте орноткон. Алардын 2018-жылга карата отчётуна ылайык, кыш айларында бул бөлүкчөлөрдүн деңгээли жол берилүүчү чек ченемдеринен ашып кетет. Аба кечки маал өзгөчө начар — бул убакта адамдар автоунаалары менен үйлөрүнө кайтышат жана өз үйлөрүн көмүр менен от жагып жылытышат.