Бишкектин борборунда кара түтүнгө каршы акция болуп өттү

Жүзгө чукул адам экологиялык кырдаалга өз нааразычылыктарын билдирүү үчүн Бишкектин борбордук аянтына чогулушту. Бишкектин абасы «ден соолук көйгөйлөрүнө сезимтал адамдарга зыян» көрсөткүчүнөн «кооптуу» көрсөткүчүнө чейин өзгөрүп жатат.

Милиция акциянын өтүшүн бир нече жолу токтотууга аракет кылган, бирок анын катышуучулары баары бир аянтта калып калышкан. Милиционерлер аргумент катары соттун митинг өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу токтомун колдонушкан, бирок ал активист Бабакуловго жана ал уюштурган иш-чарага карата жазылган. Кара түтүнгө каршы акцияда Бабакулов болгон эмес, андыктан бул тынчтык митингине тыюу салынбайт.

Акциянын катышуучулары бир нече жолу Конституцияга таянып жооп беришкен. Ал мыйзам кыргызстандыктардын тынчтык митингге чыгуу укугун камсыздайт, ал эми тынч чогулууларга тыюулар менен чектөө коюга жол бербейт.

Митинг тынч өтүп, катышуучулар 13:30дарга жакын тарап кетишти. Активисттер кетээр алдында мындан ары да Бишкектеги аба маселесине тынчтык акцияларын арнап өткөрүп тураарын билдиришкен.