Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары үчүн электр энергиясынын тарифтик чектөөлөрүн алууну убадалады

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда жергиликтүү тургундар үчүн электр энергиясындагы чектөөлөр 2021-жылдын жазында алынарын убадалады.

«Бул кышта эмес, жаздан баштап алса болот экен. Азыр деле алсак болот. Бирок эл деген эл. Чектөөнү алды дегенде, электр энергиясын үнөмдөп отурган эл көмүрдү таштап салып, бардыгыңар электр энергиясына өтүп кетет экенсиңер. Анда трансформаторлордун баары жарылып, араң иштеп жаткан электр зымдары күйөт экен», — деп айтты Жапаров.

Учурда Нарын облусунун тургундары социалдык багыттагы бир киловатт-саат үчүн 77 тыйын төлөшөт. Алыскы жана тоолуу аймактардын тургундарындай эле, алар 1000 киловатт-саатка чейин жеңилдетилген тариф менен төлөйт. Эгер алар лимиттен ашырса, ар бир киловатт-саат үчүн 2,6 сомдон төлөшөт.

Өлкөнүн башка тургундары үчүн дагы ушундай чектөөлөр иштейт — кыргызстандыктар электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн 77 тыйын төлөшөт. 700 киловатт-саат лимиттен ашыргандан кийин тургундар ар бир киловатт-саат үчүн 2,6 сомдон төлөп башташат.

Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, акыркы жылдары Нарын облусунун тургундары электр энергиясына болгон жеңилдик лимитин 1500-2000 киловатт-саатка чейин жогорулатууну суранышууда. Аталган облуста кыш өтө суук болуп, калк үй жылытуу үчүн электр энергиясын колдонгондуктан жана тургундар ага чоң сумма төлөөгө аргасыз болгондуктан, мындай маселелер көбүнчө кышында көтөрүлөт.

Ошол эле учурда Улуттук энергохолдинг 77 тыйындык тариф — чыгымдуу экенин белгилейт, анткени 1 киловатт-сааттын өздүк наркы 1,69 сомду түзөт. Мындан тышкары, компаниядан Нарын облусунун тургундарынын 7,6%ы гана жайында 700 киловатт-саат лимитин ашырганын жана 2018-жылдын кыш айларында 1000 киловатт-сааттан ашырганын билдиришти.

Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы

Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, бул жылы Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур. Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд кубометр суунун ордуна болгону 14,7 млрд кубометр суу топтолгон.

«Электр энергиясын камсыз кылыш үчүн өкмөттүн буйругуна ылайык, Казакстан менен 300 млн киловат-саат электр энергиясына товар алмашуу болду. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан баасы 2,4 америкалык центтен 500 млн киловат-саат электр энергиясын импорттоо боюнча чечим кабыл алынган», — деди ал.

2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков да республикада электр энергиясы тартыш болорун айткан. Ошол убакта Кыргызстанга Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу тартыш болчу. Ошол эле убакта бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган.