Өлкөдө коронавирус жуктурган беш киши дүйнө салды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 12-ноябрда коронавирусту жуктуруп алган беш бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын үчөө Баткен облусунда, бирден бейтап Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 193кө жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМ 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган. Ал эми Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 5-ноябрда коронавирустан каза болгон 28 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөнүн маалымдаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 64 887 учуру катталды. Ооругандардын 55 824ү илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.