Ош: Сиңдисин унаа сүзгөн аялдын ачкачылык жарыялаганына бир суткадан ашты

Сүрөт: Turmush

Жалал-Абад облусунун тургуну Кундуз Усупбаева 12-ноябрда Ош мэриясынын алдында «мөөнөтсүз» ачкачылык жарыялады. Анын ачкачылык жарыялаганына бир суткадан ашты. Ал 13-ноябрга караган түнү мэриянын имаратында түнөдү.

Ал буга чейин сиңдисин унаа сүзүп кетип баса албай калганын, ал эми сүзгөндөр «жазасын албай», анын дарылануусуна да «тоскоолдук кылып жатышканын» айткан. Мындан тышкары Ош облустук жана шаардык ооруканасынын дарыгерлери анын диагнозун «бурмалап», «кылмышкерлер менен биригип алганына» даттанган.

Усупбаева ага өздүк булактары сүзүп кеткен баланын атасы айыл өкмөт башчы экенин айтканын, иш дал ушул себептен улам «акыйкат тергелбей жатканын» айтууда.

Мындан улам ал тез арада Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрлигинен атайын комиссия ишти тергеп берүүсүн талап кылып, алар келип акыйкат чечим чыгармайынча ачкачылык кармай турганын билдирди.

«Мен өлсөм өлөйүн, ошол кылмышкерлер басып жүрө берсин Ошто. ИИМ, Саламаттык сактоо министрлиги, УКМК Ошко көңүл буруп койгула. Ош бандиттердин эле мекени болуп калыптыр», — деди ал.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 6-октябрга караган түнү шаардагы Масалиев көчөсүндө Кундуз Усупбаеванын 26 жаштагы сиңдисин TOYOTA Corolla үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, айдоочусу жабырлануучуну облустук ооруканага алып барган. Бирок кыз өзүнө келгенден кийин ооруканадан анын тезирээк чыгып кетүүсүн айтышып, ал «абалы буга жол бербесин» айтканына карабай үйүнө жеткирип коюшкан.

Үйгө жеткирилгенден соң анын абалы начарлап кайрадан тез жардам чакырган. Дарыгер ага ооруну басаңдатуучу укол берип, ооруканага жатышы керектигин айткан.

Ал шаардык ооруканага жаткан. Бирок ал жакта анын «диагнозун бурмалашып, бул — анын тийиштүү дарылануусуна тоскоолдук» жараткан. Усупбаева бул ишке Ош ШИИБинин тергөөчүсү «сүзүп кеткендер менен биригип аралашкан» деп, аны алмаштырган.

Ал эми Ош ШИИБинен Усупбаеванын айткандарын четке кагышып, сүзүп кеткен киши суракка алынганын билдиришкен. Ошондой эле «Транспорттук каражаттардын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлашкан.

«Кылмышкер менен биригип алган». Оштун тургуну тергөөчүгө нараазы болууда