«Кылмышкер менен биригип алган». Оштун тургуну тергөөчүгө нараазы болууда

Ош шаарынын тургуну Кундуз Усупбаева сиңдисин унаа сүзүп кеткенин айтып, Ош ШИИБи тарабынан акыйкат тергөөнү талап кылууда. Ал алгач дайындалган тергөөчүнү «кылмышкер менен биригип алган» деп шектеп башкасына алмаштырган. Ал эми милициядан Усупбаеванын айыптоолорун четке кагышууда.

«Сиңдимди дарылатпай туруп үйгө жеткирип коюшкан»

Усупбаева сиңдиси учурда «өз алдынча ажатканага да бара албай калганын» айтууда. Сүрөт: Кундуз Усупбаева

Анын айтымында 6-октябрга караган түнү шаардагы Масалиев көчөсүндө анын 26 жаштагы сиңдисин TOYOTA Corolla үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, айдоочусу жабырлануучуну облустук ооруканага алып барган. Бирок кыз өзүнө келгенден кийин ооруканадан анын тезирээк чыгып кетүүсүн айтышып, ал «абалы буга жол бербесин» айтканына карабай үйүнө жеткирип коюшкан.

«Сиңдим көзүн ачса бешенесин тигип, оң бутун гипстеп коюшуптур. Белинен ылдый жагын кыймылдата албай калган. Аны кабыл алган дарыгер “болбойсуңбу, тезирээк чыгып кетип кал” деген. Сиңдим өзүнө келип, окуяны эстеп алуусун суранган. Бирок аны болбой эле үйгө жеткирип коюшкан», — дейт ал.

Үйгө жеткирилгенден соң анын абалы начарлап кайрадан тез жардам чакырган. Дарыгер ага ооруну басаңдатуучу укол берип, ооруканага жатышы керектигин айткан.

«Тергөөчү кызга өзүнө келгенде чалуусу үчүн байланыш номерин калтырып кеткен экен. Кийин сиңдим үйгө таштап коюшканын айтып ага чалган. Ал “туура эмес иш болуптур, токтом түзүп берейин, экспертизадан өтүп кайра ооруканага жаткыла” деген. Бир күндөн кийин сиңдимди кайра ооруканага алып барышкан», — дейт ал.

Усупбаева сиңдиси Ош шаарында жашап жүргөнүн, бирок алар Жалал-Абад облусунан болушарын айтты. Ал сиңдиси ооруканага которулгандан кийин шаарга келген.

«Сиңдим биринчи барган ооруканасынан коркуп калыптыр. Шаардык ооруканага алып барып жаткырдык. Бул жакта да экспертизадагылар менен сүйлөшүп алышып, жакшы дарылабай жатышат. Мындан улам сиңдимдин өмүрү азыр коркунучта калды», — деди ал.

Анын айтымында, сиңдиси учурда өз алдынча ажатканага да бара албай калган. Бирок аны текшерүүдө «кылмышкерлердин айыбын жашырыш үчүн ден соолугу тууралуу маалыматты атайын бурмалашып, тийиштүү дарылоого тоскоолдук кылып жатат» дейт.

«Рентгендин кагаздары омурткалардын сынганын көрсөтүп турат, дарыгер өзү да катуу сыныптыр деп айтты. Бирок жыйынтык кагазын эртеси күнү гана бере алабыз дешти. Эртеси күнү алсак айтып бергендерин жазбаптыр, таза деп чыгарыптыр. Эгер сынык болсо берене да оор болуп калат экен, ошондуктан атайын кылып жатышат», — деди ал.

Ал кызды кабыл алган дарыгер Максат Келдибаев жана тергөөчү Илам Гуламов аны сүзгөндөр менен «сүйлөшүп алып иш кылган» деген пикирде. «Клооп» макала чыгаар алдында аталган дарыгер менен байланыша алган жок.

«Жаман жолдо жүргөн кыз катары көрсөткүсү келип жатат»

Кийинчерээк Усупбаева Гуламовдун үстүнөн шаардык прокуратурага арыз жазып, тергөөчүнү алмаштырган. Ал буга Гуламовдун «окуя болгон жерди жана убакытты бурмалаганы» себеп болгонун айтты.

Ошондой эле ал муну менен тергөөчү кызды «жаман жолдо жүргөндөй көрсөткүсү келип жатат» дейт.

«Тергөөчү “кызыңар эмне үчүн түндө көчөдө жүргөн” дейт. Анын эмне иши бар? Ишти карай бериши керек да. Эгер сиңдим чындыгында жаман жолдо жүргөн болгондо коомчулукка чыга алмак эмесмин», — деди ал.

Ал арада соцтармактарда Усупбаеванын ШИИБдин имаратындагы видеосу тарады. Анда ал тергөөчү «кылмышкерлер менен биригип алганын» айтып, ага «эмнеге барасың?» деп кыйкырып жатканы тартылган.

Усупбаева өзү тасма тергөөчү алмашкандан кийин тартылганын билдирди. Анын айтымында, Гуламов жабырлануучудан кабар алган эмес, бирок ооруканага барып дарыгерден кыздын оору тарыхчасын алып, ага өзүн тергөөчү катары тааныштырып кеткен. Ал буга жинденип, шаардык ички иштер бөлүмүнө барган.

«Мен тасмада эч кандай мыйзам бузган эмесмин. Ал ооруканага кылмышы болгону үчүн барды. Шаардык экспертиза менен биригип алып иш кылып жаткан, алмашканы ага тоскоолдук жараткан. Тасмага тартып алышкан экен, эми жарыялап жатышат. Мен ал видеодон коркпойм», — деди ал.

Ал эми видеону жүктөгөн киши ким экени белгисиз. Ага байланышканыбызда өзүн «кыргызстандын жаранымын» деп гана атап, кызды сүзүп кеткен айдоочунун байкесинин байланыш номерин берди. Бирок айдоочунун байкесинен макала чыгаар алдында суроолорубузга жооп ала алган жокпуз.

Усупбаева учурда адилеттүүлүккө жете албай жатканын айтат. Учурда ал 22 күндөн бери шаардык ооруканада сиңдисин карап жатат.

Милиция аталган маалыматты четке какты

Ош ШИИБинен Усупбаеванын сөздөрүн четке кагышты. Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, окуя 6-октябрда түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Кызды сүзүп алган киши аны ооруканага өзү жеткирген.

Ал эми учурда ал суракка алынып, «Транспорттук каражаттардын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

«Усупбаева конкреттүү эмнеге нараазы болуп жатканын түшүнбөй жатабыз. Сүзүп алган кишинин өздүгү аныкталган, унаа короого киргизилген. Тергөө жүрүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, ага карап тергөөчү жыйынтык чыгарат да. Анан иш сотко өтөт», — дейт Сыдыков.

Ошондой эле ал эгер арыздануучу тарап тергөөгө нараазы болсо көзөмөл органдарына кайрыла алаарын кошумчалады.