Финпол Кыргызстандан 1 млрд сом чыгарылып кеткен схеманы аныктады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамкызматтын (финпол) басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдөн 1 млрд сом чыгарылып кеткен кезектеги схема аныкталды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, акча товардын акысы катары чыгарылып турган. Тергөө кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттери мамлекетке 347 млн сомдон ашык зыян келтиргенин аныктады.

Ошондой эле, Кыргызстандан акчаны иш жүзүндө чыгарып кетип турган шектүү кармалды. Ал учурда ТИЗО-1де. Финпол өлкөдөн акча чыгарып кетүүгө катыштыгы барларды аныктоо үчүн тергөөнү улантууда.

Финпол буга чейин да Кыргызстандан Кытайга товар үчүн төлөм деген шылтоо менен акча чыгарылып турган схеманы аныктаган. Анда ведомство өлкөдөн 1,1 млрд сомдон ашык акча чыгарылып кеткенин билдирген.

Акчаны Кытайга жеткирип турган шектүү чабарманды сот ТИЗО-1ге киргизүү чечимин чыгарган.

Бул Кыргызстандан акча чыгарылып кеткен мандемдүү схемалардын алгачкысы эмес. Ири масштабдагы коррупциялык схеманын бирин «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP басылмасынын журналисттери Кыргызстандан 700 млн долларды чыгарып кетүү тууралуу иликтөөсүндө аныкташкан.

Журналисттик иликтөөнүн башкы фигуранттарынын бири — мурдагы бажычы Райымбек Матраимов мыйзамсыз жол менен табылган миллиондогон долларларды Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарып турган курьерлер тармагын калкалап турган.

Матраимов өлкөдө бийлик алмашкандан кийин кармалып, бирок кийинки күнү коё берилген. Ал мамлекетке 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: