«Алтын берген уйду саайбыз» — Бекешев алтын казган компаниялардын салыгын көбөйтүү тууралуу

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн фейсбук барагында 4-ноябрда күчүнө кирген салык кодексине киргизилген жаңы түзөтүүлөр тууралуу айтып берди.

Бекешевдин айтымында, жаңы түзөтүүлөргө ылайык тоо-кен багытындагы, алтын рудасын жана алтын концентратын казуучу компаниялардын киреше салыгы жогорулайт.

Салык алтын салмагынын наркына жараша, троялык унция боюнча 8ден 27%га жогорулады.

«Жалпак тил менен айтканда, бизде алтындын кору көп, андыктан киреше салыгын көбөйтүүнү чечтик. Ал эми 2023-жылдан тартып салык дагы көбөйөт», — дейт депутат.

Мындан тышкары, Бекешев парламент 12-ноябрда «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кабыл алганын айтып берди.

Түзөтүүлөрдүн өзүн парламентке депутат Кожобек Рыспаев киргизген. Анын айтымында, алар лицензияларды алып сатууга жана абийирсиз компаниялардын жер кендерин пайдалануу укугун алууга байланыштуу чайкоочулук тобокелдиктерин азайтууга багытталган.

«Мыйзам жер казынасын пайдалануучуларды мамлекетке үлүш берүүгө, жумушчалардын 90%ын жергиликтүү тургундардан жалдоону, “тарыхый чыгымдарды” төлөөгө жана товарлардын 80%ын жергиликтүү өндүрүштөн сатып алууга милдеттендирет», — деп айтып берди Бекешев.

«Тарыхый чыгымдар» аталышындагы пункт компанияларды мамлекеттин кен чыгуучу жерлерди чалгындоого, геологиялык изилдөөлөргө кеткен чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирет.

«Өкмөт бул мыйзам казынаны 500 млн сомго толтурат деп убадалады. Кыскасы, алтын берген уйду саайбыз. Башкысы — компаниялар качып кетпесе болду», — деп кошумчалады депутат.