Калктын санын эске алганда коронавирус эң көп Ош шаарында жайылды

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Республикалык штаб өткөн жуманын жыйынтыгы менен коронавирус эң көп Ош шаарында жайылганын маалымдады — түштүк борбордогу 100 миң адамга 102,5 учур туура келет. Ал эми Бишкек шаарында 100 миң кишиге 83,8 учур жана Ысык-Көл облусунда 100 миң адамга 81,7 учур катталган.

Ошондой эле штабдын маалыматына ылайык, акыркы жумада 19 604 изилдөө жүргүзүлүп, анын 12,5%ы оң жыйынтыкты көрсөткөн.

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 486 кишиден аныкталды. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 инфекциясын жуктурган бейтаптардын саны 67 469га жетти — алардын 34 841и лабораториялык тастыкталып, калган 32 628 бейтап оорукандан сырткары пневмонияга чалдыккан.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын 86 пайызы — башкача айтканда 58 315 бейтап айыгып, 1 207 киши дүйнө салды.