Өлкөдө коронавирус дагы 486 кишиден аныкталды — жалпы 67 469 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 17-ноябрда Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 486 учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 143;

Чүй облусу — 137;

Жалал-Абад облусу — 49;

Ысык-Көл облусу — 42;

Баткен облусу — 36;

Ош облусу — 32;

Ош шаары — 22;

Талас облусу — 18;

Нарын облусу — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 67 469га жетти. Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 555 бейтап айыгып, төрт адам көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды — 140 жана 92. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 90, Ош жана Баткен облустарында 72ден, Ысык-Көл облусунда — 51, Талас облусунда — 18, Ош шаарында — 15 жана Нарын облусунда бешбейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 58 315ти түзүп, 1 207 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 138 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 122 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 4 100 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.