ССМ: Өлкөдө кайрадан COVID-19га чалдыгуу болуп жатканы тастыкталган жок

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-ноябрдагы брифинг учурунда Кыргызстанда коронавирусту кайталап жуктуруу катталбаганын билдирди. Буга чейин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбордун башчысы Кубан Кундашев 19-октябрга карата Бишкекте жети адам короновирусту кайрадан жуктуруп алгандыгы тууралуу айткан болчу.

«Жети учур тууралуу айтылган, бирок саламаттык сактоо министрлиги текшерген учурда бул тастыкталган жок», — деди Бешеналиев.

Кундашевдин айтымында, 19-октябрга карата өлкө боюнча COVID-19 кайталап жуктурган 20 учур аныкталган: алардын бир бөлүгү лабораториялык изилдөөдө, калганы — клинико-эпидемиологиялык белгилерине карап тастыкталган.

Бирок 20-октябрь күнү саламаттык сактоо министринин орун басары жана өлкөнун башкы пульмонологу Нурболот Үсөнбаев вирусту кайталап жуктуруу тууралуу айтууга «азырынча эртерээк» деп билдирген.

«COVID-19 вирусун кайталап жуктуруу тууралуу ырастоолор өтө дыкат лабораториялык изилдөөлөр менен коштолууга тийиш. Азыркы тапта кеңири колдонууга мүмкүн болбогон геномдук диагностика деген ыкма бар. Бирок вирустун штаммына байкоо салууга аракет кылып жатабыз. Үлгүлөрдү Орусиянын жана Германиянын изилдөө институттарына жөнөтүп, алар бизге геномдук чечмелөө жасап беришет», — деген Үсөнбаев.

Ошондой эле, министрдин орун басары дарылоо жана антитела болгон учурда деле 90 күн аралыгында коронавирус аныктала турганын билдирген.

«COVID-19 менен ооругандан кийин вирус бөлүнүп чыга бериши да мүмкүн. Калыбына келүү мөөнөтүндө эрежелер сакталбаса, организм кайрадан сезгениши ыктымал», — деген ал.

Экинчи толкунга даярдык

Үсөнбаевдин болжоосу боюнча, Кыргызстан коронавирус жуктуруу күчөй турган экинчи толкундун алдында турат — ал ноябрдын аягында ьашталып, 2021-жылдын январына чейин уланат. Эпидкырдаал бул айларда көп катталган сасык тумоонун көбөйүшү менен да кыйындайт.

Бирок министрликтин башчысы 17-ноябрда бирифингде өлкөдө азырынча ОРВИ жана сасык тумоо жуктуруунун эң көп катталганын учуру келе электигин билдирди.

«Ыкчам маалыматтар боюнча, өткөн жумага салыштырмалуу 46-аптада ОРВИ менен ооругандар азаюуда — 1 829 учур катталды. 2019-жылдын ушул аптасына салыштырмалуу ооругандар 2,5 эсеге аз», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр саламаттык сактоо системасы коронавируска каршы күрөшүүгө даяр экенин билдирди: кошумча стационарлар уюштурулду, дары-дармектердин запасы 2-3 айга жетиши керек, ИВЛ аппараттары, кычкылтек концентраторлору, коргонуу каражаттары жана антисептиктер сатылып алынды.

«Өлкөдө 19 ПЧР-аппараты бар болгон 14 вирусологиялык лаборатория, үч мобилдик автолаборатория жана эки жеке лаборатория иштейт. Коронавирус инфекциясын лабораториялык диагностикадан өткөрүү үчүн ПЧР-тест системалардын 1,5 айлык запасы түзүлдү», — деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, сасык тумоо менен COVID-19дун бирдей жүрүп атканы оор кесепеттерге алып келбеши үчүн министрлик сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүүүдө. Өлкө калкынын 13% камтуу пландалууда.

Штабдын 17-ноябрга карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун жалпы 67 469 учуру катталды. Алардын ичинен 58 314 бейтап айыккан, ал эми 1 207 адам инфекциядан каза тапкан.