Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруунун туу чокусу ноябрдын аягына туш келээрин болжоодо

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 5-ноябрда парламенттин жыйынында алардын божомолу боюнча COVID-19 жуктуруунун көп катталган учуру ноябрь айынын этегине туш келээрин кабарлады.

Үсөнбаевдин айтымында, аны менен катар декабрда негизи сасык тумоо көп катталат, бул коронавирус жуктурууга да таасир этиши мүкүн.

«Биздин божомолдор боюнча, коронавирус жуктуруу 20-ноябрдан тарта өсүп, декабрь-январь айларында да уланат», — деди Үсөнбаев.

Коронавирус жуктуруп оорунун мурдагы туу чокусу июнь жана август айларынын ортосунда катталган. Анын ичинде 17-июлда эң көп оору жугузуу катталып, бир суткада 1 654 адамга жеткен.

Штабдын маалыматына караганда, оору башталгандан бери эң көп учур Бишкек шаарында катталган — 20 854 адам. Пандемия учуруда Кыргызстанда жалпысынан 61 309 адам COVID-19 дартына чалдыккан. Бул аралыкта ооруканадан 52 343 адам айыгып чыгып, жалпы коронавирусу жана оорукандан тышкаркы пневмониясы мурдараак аныкталган 1 167 адам көз жумган.