Дастан Бекешев: Бакиевдин убагына жана авторитаризмге кайтып жатабыз

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев фейсбук барагында 17-ноябрда 80 парламентарий коомдук талкууга чыгарган жаңы Конституциянын долбооруна комментарий берди. Бекешев жаңы Конституция кабыл алынса өлкө авторитаризмге кайтышы мүмкүн деп эсептейт.

«Өлкө бакиевчил заманга кайтып баруунун босогосунда турат. Бизди алдыда кыйын күндөр күтүүдө. 80 депутаттын аркасы менен артка кеттик. 2010-жылдын 7-апрелинде авторитардык режимге каршы чыгып каза тапкан 80ден ашуун мекендештерибиздин өлүмү унутулду. Биз кайрадан авторитаризмге кайтып жатабыз», — дейт Бекешев.

Депутат жаңы Конституциянын долбоорун качкын президент Курманбек Бакиевдин айланасындагы юристтер жазды деп эсептейт. Анын айтымында, азыркы тапта президенттин аппаратында, Бакиев президент болуп турганда ушул эле бөлүмдө юрист болуп эмгектенген Бектур Зулпиев иштеп жатат. Буга чейин бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева дагы айткан болчу.

«Бирок жеңилбеш керек. Болбосо биз өлкө катары орто кылымга барып калабыз», — деп эсептей Бекешев.

Бекешев юристтерге, илимий ишмерлерге жана активисттерге өлкөнүн башкы мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө каршы туруу үчүн биригүүнү сунуштады.

«Мен азыртан баштап эле Конституциянын жаңы долбооруна каршы үгүттөгөн “каршы” тобун түзүүнү сунуштайм. Активдүү жарандарды бир катарга чогулууга чакырам. Мен конструктивдүү күчтөрдүн башын бириктирүүгө бүт күчүмдү жумшайм», — дейт депутат.

Бекешев жаңы Конституциянын долбоорун «Бакиевдердин 2010-жылдагы 7-апрель үчүн өч алуусу» деп атады.

«Мурда парламентти пластилин деп атачу элем. Суранам, мени кечириңиздер, мен катуу жаңылышыпмын. Пластилин бекемирээк.

Акаев, Бакиев аздык кылыптыр да. Бизде алардан өткөн жаңы хан болот. Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бардыгы кийин ага каршы кыңк эте да албай калат. Түрмөгө камаласыңар же УКМКчылардын, ал тургай УКТнын да алдынан өтүп турасыңар», — деп эсептейт ал.

«Ханституция»

Долбоор Жогорку Кеңештин сайтына жарыялагангандан кийин соцтармактарда ал «Ханституция» деп атала баштады.

«Октябрдын башында ушундай болсун, натыйжада эң эле уят болгон, Кыргызстандын тарыхында принциби жок жана омбу-домбу парламент бизге түз эле авторитаризмге алып барган таптакыр эле жаңы Конституцияны таңуулап бере салышы үчүн толкундоолор болгон эмес да», — деп эсептейт юрист Сания Токтогазиева.

Жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өткөрүүнү 2021-жылдын 10-январында, кезексиз президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү сунушталууда.

Долбоордун негиздеме-маалымкатында учурдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө андагы «карама-каршылыктар жана боштуктар, бийликтин орнотулган системасынын натыйжасыздыгы жана анын жоопкерчилик механизмдеринин жоктугу менен шартталганы» жазылган.

Жаңы Конституциянын көп талкууланган бөлүгү демилгечилердин ЖМКны цензурага алуу сунушу болду.

Жаңы Конституция долбоорунун 23-беренесинде мындай айтылат:

1. Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

2. Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Ошол эле учурда «жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар жана каада-салттар» деп так кесе эмне тууралуу айткылары келгени жана аларды ким аныктаарын мыйзам долбоорунун демилгечилери такташкан эмес.