Депутат Токтошев Конституциянын жаңы долбоорунун автору эместигин айтып чыкты

Жогорку Кеңештин сайтында 17-ноябрь күнү кечки 10го жакын Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланды. Мыйзам долбоорунун автору катары 80 депутаттын ысымы жазылган болчу. Кийинчерээк дагы бир депутат кошулуп калган.

Бирок авторлордун бири катары көрсөтүлгөн эл өкүлү Эмил Токтошев долбоорго каршы экенин айтып билдирүү таратты. Анда депутат Конституцияны өзгөртүүчү топко парламентаризмди жактап, ушул позицияны коргоо үчүн киргенин белгилейт. Бирок даяр долбоорду көргөндөн кийин каршылык билдиргенин айтат.

«Мен долбоорго кол койбогонуму дагы бир жолу баса белгилейм! Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымы айтып, чыгып кеткем. Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позицияман тайбайм!» — деп түшүндүрдү Токтошев.

Конституциянын өзгөртүлгөн долбоору коомдук талкууга коюлду. Сайтка илингенден тартып социалдык тармактардын колдонуучулары долбоорду «ханституция» деп атап сын-пикир жазып жатышат.

Конституциянын жаңы долбоору

Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү 81 депутат демилгеледи — «Республика — Ата-Журттун» 23 мүчөсү, КСДПнын 19 депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын 14 эл өкүлү, «Өнүгүү Прогресстен» 12, «Бир Болдон» жети жана «Ата Мекенден» алты. Алардын ичинен көбү «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын катарында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышышкан.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду жаңы парламент шайланганга чейин өткөрүү пландалууда. Жапаров буга чейин алгач президенттик шайлоо өтөт, андан кийин референдум, эң аягында парламенттик шайлоо өтөт деп билдирген.

Бирок долбоордун алгачкы беренесинде мындай деп жазылган.

«Кыргыз Республикасынын аймагында жекшемби күнгө, 2021-жылдын 10-январына референдум (жалпы элдик добуш берүү) өткөрүүнү белгилөө», — демек, бийлик президенттик шайлоо жана конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча референдумду бир күндө өткөрүүнү чечкен.

Садыр Жапаров Конституцияга түзөтүүлөрдү колдойт. Ал бул тууралуу айткандан бери жаңы Конституциянын долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган — кампания долбоор жарыялана электе эле башталган. Аны саясатчылар, саясат таануучулар жан башка жүздөр сүрөмөлөшкөн. Ал эми юристтер сынга алышкан.

Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.