Өкмөт 100 миң сомго чейинки кредити бар адамдарды үч айлык мөөнөткө насыя пайыздарын төлөөдөн бошотууну чечти. Садыр Жапаров тийиштүү токтомго премьер-министр жана президенттик ыйгарымдарын тапшырганга чейин 13-ноябрда кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан банктарынан 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейинки суммада насыя алгандар, үстүбүздөгү жылдын декабрь, келе жаткан жылдын январь, февраль айлары үчүн кошумча пайыздык төлөмдөрдөн бошотулат.
«Бул чечим COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен шартталган эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды. Токтомго ылайык, эгерде насыя алуучунун 100 000 (жүз миң) сомго чейинки сумманы бир нече жерден алса, пайыздар тандалган насыялардын бири боюнча гана төлөнүп берилет», — деп тактоо кылышты өкмөттөн.
Өкмөт башчысынын тапшырмасына ылайык, Улуттук банк 1-декабрга чейин чегерилген пайыздарды субсидиялоо жөнүндө келишим түзүү үчүн финансылык-кредиттик уюмдарды тактап, тизмени Каржы министрлигине өткөрүп берет. Ошол эле учурда Улуттук банк алынган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана алынган субсидиялардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөшү керек.
Каржы министрлиги ай сайын 5 жумушчу күндүн ичинде насыя алгандардын жаңы реестри белгилүү болгондон кийин көрсөтүлгөн банктарга субсидиялардын болжолдуу суммасын которуп турат.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, өкмөт тарабынан субсидиялануучу кредит боюнча пайыздардын жалпы суммасы, «ислам каржылоо принциптерине ылайык», болжолу менен 1,2 млрд сомду түзөт.
Ошондой эле Улуттук банк кредит алуучуларга насыя боюнча пайыздарды төлөөдөн бошотулган насыя алуучулардын реестрине киргизүү 5-декабрга чейин банктарга кайрылууну сунуштайт.
Өкмөттөн билдиришкендей, бул маселени Нарын облусунун жашоочулары ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда айтышкан.
Анда ал мамлекет кредит боюнча пайыздарды төлөп берип, бул максатка 1,2 млрд сом бөлүп берет деп убада кылган.
Бирок кийинчерээк Жапаров 12-ноябрда басма сөз жыйында бул сумма бюджеттен каржыланбасын айткан.
«Булагы табылды. Биз алар тууралуу кийинчерээк, отчёт берип чыкканда айтып беребиз [...] Дагы бир жолу айтам, акча бюджеттен бөлүнгөн жок», — деп билдирген ошол убакта президенттин милдетин аткарып турган Жапаров.
Бюджет тартыштыгы
Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам ишкерлер жана жалпы бизнес-сектор чоң зыянга учурады. 24-марттан 11-майга чейин Кыргызстанда ишкердикти кыйла чектеген өзгөчө абал режими иштей баштаган. Мындан улам өлкөнүн экономикасы ири чыгымга учураган.
Октябрдын аягында өкмөт «Кыргызстандын 2020-жылга жана 2021-2022-жылдарга карата болжолдуу республикалык бюджети жөнүндөгү» мыйзамга кирген түзөтүүлөрдү жактырган. Ага ылайык, өлкө бюджетинин тартыштыгы 8 млрд сомго жогорулап, рекорддук 35,6 млрд сомго жеткен. Анткен менен ал 10 млрд сомдун деңгээлинде болжолдонуп жаткан.
Ошол эле учурда Кыргызстандын тышкы карызы коронавируска каршы күрөшүү үчүн алынган жеңилдетилген насыялардан улам кыйла өскөн. Бийлик бул каражаттарды өлкөгө пандемия башталганда тартып келе баштаган.
Каржы министрлигинин мааалыматына ылайык, Кыргызстан 774 млн доллар тартып, анын ичинен өлкөгө 343,3 млн доллар келген. Бул каражаттардын көпчүлүгү мамбюджетти колдоого жана кепилденген соцтөлөмдөрдү ишке ашырууга жумшалган.
«Мамкарыз боюнча төлөмдөр, айрыкча тышкы карыз боюнча, негизинен 2023-жылы башталып, 2033-жылга чейин уланат. Төлөмдөрдүн көбү 2025-2021-жылдарга туура келет. Биз 400 млн доллардан ашуун төлөшүбүз керек болот», — деп билдирген Каржы министрлигинин мамкарыз башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков.