Парламент түзөтүлгөн бюджетти биринчи окууда рекорддуу 28 млрд сом таңсыктыгы менен жактырды

14-майда парламент биринчи окууда 2020-жылга карата республикалык бюджетке түзөтүүлөрдү кабыл алды. Документтин кабыл алынышы үчүн отурумда катталган бардык 107 депутат добуш берди.

Бюджеттин түзөтүлгөн версиясы боюнча, анын кирешеси бекитилген бюджетке салыштырмалуу 30 млрд сомдон ашуун суммага кыскарат. Эми ал мурда божомолдонгон 163,7 млрд сомдун ордуна 133 млрд сомду түзүшү керек.

Чыгашалар да кыскарат — мамлекет 171,6 млрд сомдун ордуна 161,3 млрд сом сарптайт. Бюджеттин бул таңсыктыгы олкө үчүн рекорддуу сумма — 28,4 млрд сом.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева таңсыктыктын чоң болгону Салык жана Бажы кызматына 30-33 млрд сом түшпөй калганына байланыштуу экенин билдирди. Анын айтымында, бюджетин чыгаша бөлүмүндө кыскарта турган деле эч нерсе калбай калган.

«Биз ансыз деле бардык чыгашаларды кыскарттык — иш сапарларды, артыкчылыктуу эмес чыгашаларды. Кыскартууга эч нерсе калган жок, анткени эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөкпулдарды, ошондой эле тармактарды, саламаттык сактоону, күч блогун кыскарта албайбыз. Ушул себептен улам айырма ушунчалык чоң болуп жатат. Ошондон улам тартыштык да чоң», — деп түшүндүрдү Жеенбаева.

2020-жылдын бюджети парламент тарабынан 10 млрд сом таңсыктык менен жактырылган, бирок коронавирус пандемиясынан улам кырдаал өзгөрүп кеткен, анткени өлкөдө бир айдан ашык убакыттан бери бардык мекемелер менен компаниялар толук кандуу иштей албай жатышат.