Экс-вице-спикер: «Президент супер-президент болгусу келеби, анда парламенттин эмне кереги бар?»

Парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков 20-ноябрда чукул жарандык форумда Конституциянын жаңы долбоорун сынга алды. Анын айтымында, депутаттар мыйзамдын аракетин токтото алышпайт.

«Депутаттардын функциясы — мыйзам чыгаруу, бирок эч бир жерде алар айрым мыйзамдардын күчүн токтото алышат деген ченем жок. Учурда эмне үчүн жаңы Конституция сунушталып жатат? Президент парламенттин алдында жооптуу болбогон супер-президент болгусу келип жатабы? Анда Жогорку Кеңештин эмне кереги бар?», — деп суроо салды аткаминер.

Ал парламентерийлерге 2021-жылга карата бюджетти бекитип, таркап кетүүлөрүн сунуштады.

«Бул эң жөнөкөй жолу. Өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн тарап кетүү керек. Алгач парламенттик, андан соң президенттик шайлоо өткөрүп, андан кийин гана Конституцияга түзөтүү киргизүү тууралуу ойлонуш керек», — дейт Исабеков.

Конституциянын жаңы долбоору

Парламенттин 80 депутаты 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга койду. Ал боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо дайындалган күнү өткөрүү сунушталууда.

Конституцияга түзөтүү киргизүүнү президентикке талапкер Садыр Жапаров демилгелеген. Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.

Конституциянын жаңы долбоорунда так эмес аныктамалар бар — мисалы «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген. Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.

Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат. Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.

Мындан тышкары, сунушталган түзөтүүлөрдө адам укуктарына коркунуч жарата турган, ЖМКларга кысым кылуу жана цензура киргизүү учурлары бар экени аныкталган.

Мисалы, жаңы Конституциянын 23-беренесинде төмөнкүдөй айтылат:

Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Ошол эле учурда «жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар жана каада-салттар» деп так кесе эмне тууралуу айткылары келгени жана аларды ким аныктаарын мыйзам долбоорунун демилгечилери такташкан эмес.

Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?