Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?

Парламенттин 80 депутаты 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга койду. Ошол эле күнү кечинде парламентарийлер демилгелеген түзөтүүлөр юрист, айрым депутаттар жана соцтармактын колдонуучулары тарабынан кескин сынга алына баштады.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса өлкө авторитаризм менен «Бакиевдин убагына кайтышы мүмкүн» деп эсептейт.

«Акаев, Бакиев аздык кылыптыр да. Бизде алардан өткөн жаңы хан болот. Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бардыгы кийин ага каршы кыңк эте да албай калат. Түрмөгө камаласыңар же УКМКчылардын, ал тургай УКТнын да алдынан өтүп турасыңар», — деди ал.

Социалдык тармактарда жаңы долбоор «Ханституция» деген атка конду.

Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо менен катар өткөрүү сунушталууда.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде конституциялык реформа өткөрүү муктаждыгы өлкөнүн учурдагы Баш мыйзамында «карама-каршылыктар жана боштуктар, бийликтин орнотулган системасынын натыйжасыздыгы жана анын жоопкерчилик механизмдеринин жоктугу менен шартталган» деп айтылат.

Негизги өзгөртүүлөр

Элдик Курултай

Жаңы «Элдик Курултай» органын киргизүү сунушталууда. Ал «кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу жогорку орган» болмокчу. Курултайды чакыруу укугу президентке таандык.

Элдик Курултай президенттин, парламент жана элдик курултайдын спикерлеринин отчётторун угуп, ошондой эле мамлекеттик саясаттын жана кадрдык саясаттын негизги маселелери боюнча сунуштарды киргизе алат.

Курултайдын чечимдери сунуштама катары тийиштүү органдарга жөнөтүлөт. Анын ишине президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары катыша алат.

Конституциялык реформанын долбооруна ылайык, Элдик Курултай «аймактык, кесиптик, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлөт».

Ошол эле учурда Курултайдын мүчөлөрүн тандап алуу механизми жана анын чыныгы таасири, ыйгарым укуктары түшүнүксүз.

Президент

Президенттин ролу бир топ кеңейип, анын ыйгарым укуктары күчөтүлдү. Долбоордо ал өлкөнүн аткаруу бийлигин жетектеп, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт деп жазылган, ошондой эле ал «мамлекеттик бийликтин биримдигин жана уланмалуулугун» камсыз кылмакчы.

Президент 5 жылга шайланып, эки мөөнөт катары менен бийликте боло алат. Ошол эле учурда, өзгөртүүлөрдүн кыргызча версиясына ылайык, «бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт». Мыйзам боюнча, Кыргызстанда кыргыз тилиндеги документтер түп нуска болуп эсептелинет.

Өлкө башчысы өкмөттүн бардык курамын жана түзүмүн аныктай алат — ал премьер-министр менен анын орун басарларын, Жогорку Кеңештин макулдугу менен министрлерди жана мамкомитеттердин төрагаларын дайындай алат, ошондой эле алардын отставкага кетүү тууралуу арызын кабыл алат. Мындан тышкары, ал жеке демилгеси менен же Элдик Курултайдын сунушу боюнча аларды ээлеген кызматтарынан бошото алат.

Өкмөттүн ишмердиги президенттин администрациясы тарабынан камсыздалат.

Мындан тышкары, президент аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындап жана кызматтарынан бошото алат. Өлкө башчы парламентке Улуттук банктын башчылыгына өз талапкерин көрсөтө алат.

Азыркы Конституция боюнча, президент Коопсуздук кеңешин жетектейт, ал эми орган өзү тиешелүү мыйзамга ылайык түзүлгөн. Эми президент Коопсуздук кеңешин, ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматы менен Улуттук гвардияны да түзө алат.

Президентке мыйзамдарга кол коюп, элге жарыялоодон тышкары мыйзам долбоорлорун да киргизүү ыйгарымы берилет. Эми ал өкмөт менен бирге мыйзам долбоорун кезексиз тартипте кечиктирбестен кароо же карабоону да чечет.

Ал кеминде 300 миң шайлоочунун же парламенттеги депутаттардын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындоо тууралуу чечим кабыл алат.

Эгер президент ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырса, анын милдеттенмелерин шайлоо өткөнгө чейин премьер-министр аткарат. Эгер премьер аны аткара албаса, президенттин милдетин аткаруучу кызматы парламенттин спикерине өтөт.

Азыркы Конституция боюнча президенттин ыйгарым укуктары кыйла аз. Анда аткаруу бийлигине тиешеси жок болчу, ал көбүнчө Конституциянын кепили жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы өкүлү катары болчу. Мындан тышкары, ага мамлекеттин күч блогу баш ийчү, бирок бул ыйгарымдар баш мыйзамдын азыркы редакциясында да сакталган.

Парламент

Парламенттин ыйгарымдары кыйла кыскартылган — эми чечимдердин көбүн алар президент жана Элдик Курултай менен макулдашышы керек болот.

Парламентте депутаттардын санын 90 адамга чейин кыскартып, аларды 5 жылга шайлоо сунушталууда. Ошол эле учурда депутат мандатын жана парламенттин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен премьер-министрлик же биринчи вице-премьер-министрлик кызматка дайындалышы мүмкүндүгү айтылган пункт алынып салынган.

Ошондой эле, депутат императивдик мандатка байланыштуу эмес (депутатты кандайдыр-бир шарттар менен чектөө, аны бузса мандаты чакырылып алынат) жана чакыртыла албайт деген пункт да жок.

Азыркы Конституцияга ылайык, парламент референдумду дайындоо тууралуу мыйзамды кабыл ала алат. Жаңы сунушталган вариантта бул пункт «ушул Конституцияда каралган тартипте референдум өткөрүүнү демилге кылат» дегенге алмаштырылган.

Тагыраагы, эми парламент Конституцияны өзгөртүүнү демилгелей алат, бирок түзөтүүлөрдү кабыл алуу тууралуу чечимди президент чыгарат.

Парламент өзү таркаганда жаңы шайлоо ал дайындалгандан кийин 45 күнгө чейинки убакытта өткөрүлүшү керек деген пункт алынган.

Парламент, өкмөт жана 10 миң шайлоочудан тышкары, мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна президент, карамагына кирген маселелер боюнча Конституциялык сот жана Жогорку сот ээ болот.

Конституциялык сот

Конституциялык палатаны Конституциялык сот түзүү менен Жогорку соттун курамынан чыгаргылары келет. Бул сот жарандардын укук жана эркиндиктери бузулганы тууралуу арыздарды карай алат. Ошондой эле Конституциялык сот президентке айып тагуу белгиленген тартипте өткөндүгү тууралуу корутунду чыгара алат, анын негизинде президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.

Кыргызстанда Конституциялык сот бар болчу, бирок 2010-жылдагы конституциялык реформадан кийин жоюлган. Ошондо Конституциялык палата анын кыскартылган форматта анын функцияларын аткара баштаган.

Цензура

Мындан тышкары, сунушталып жаткан түзөтүүлөрдө адам укуктарына коркунуч, ЖМКларды ооздуктоо жана басым кылуу аракеттери каралган.

Конституциянын жаңы долбоорунун 23-беренесинде төмөндөгүлөр жазылган:

Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Ошол эле учурда «жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар жана каада-салттар» деп так кесе эмне тууралуу айткылары келгени жана аларды ким аныктаарын мыйзам долбоорунун демилгечилери такташкан эмес.

Учурдагы Конституцияга ылайык, адамдын ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирген маалыматты жайылтканы үчүн эч ким кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Ошондой эле, азыркы Конституция ар бирибизге маморгандардын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдарынын, ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алуу укугуна кепилдик берет.

Мындан тышкары, ар бир жаран мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматты алууга укуктуу. Эми бул пункттарда жарандарды («ар бир») түшүндүргөн сөз «ЖМК өкүлдөрүнө» алмаштырылган.

ЖМКлар эркин басып чыгаруу, ар кандай көз караштарды билдирүү жана чагылдыруу укугуна ээ, өлкөдөдо цензурага жол жок деген пункттар жазылганына карабастан, ылдый жагында маалыматты таратуу жана анын жеткиликтүүлүгүн чектөөнү мыйзам белгилей турганы айтылат.

Ошондой эле, ар бир жаран эркин маалымат издөөгө, кабыл алууга жана сактоого, маалыматты колдонууга жана ооз эки, кат жүзүндө же дагы башка жол менен таратууга укуктуу деген пункт алынып салынган. Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, мындай укук ЖМКда гана болот.

Каада-салттык риторика

Биринчи бөлүмдүн алдындагы киришүү олуттуу өзгөрүүгө учураган. Мындан ары Кыргызстандын эли Конституцияны «ата-бабанын осуятынан» гана эмес «Айкөл Манастын осуяты жана салтынан» алып кабыл алат.

Аны менен катар, жарандар «адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктар болуп саналган эркин жана көз карандысыз демократиялык мамлекетти куруу максатына берилгендигин ырастагандыгы» тууралуу сап алынып салынган.

Ошондой эле, киришүүдө биринчи жолу жаңы «элдик бийлик» деген термин айтылат жана ал андан ары долбоордун текстинде көп кездешет.

«Адеп-ахлактык баалуулуктары» жана «жалпы адамдык адеп-ахлактык принциптери» тууралуу пункттар кошулду. Ошондой эле, долбоордун текстинде ал «бүткүл элдик добуш берүү – референдум» жолу менен кабыл алынары айтылат.

Конституциялык түзүлүштүн негиздери тууралуу биринчи бөлүм жаңы версияда саясий, социалдык-экономикалык жана руханий-маданият негиздери деген главаларга бөлүнгөн.

Саясий негиздери тууралуу бөлүмдө кыргызстандыктардын конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктоо эгемен укугу жазылган.

Ал эми үчүнчү беренеде Кыргызстандын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш гана сүйлөөгө укуктуу деп жазылган. Ошол эле учурда, элдин бийлиги адам, анын өмүрү, эркиндиги, ар-намысы жана кадыр-баркы жогорку баалуулук болуп эсептелген жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана гуманисттик принциптерге негизделет деп белгиленген жана саясий институттардын, идеологиялардын жана пикирлердин көп түрдүүлүгүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

Ошол эле учурда өлкөдө саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялык таанылат деген пункт алынган.

Социалдык-экономикалык негиздери тууралуу бөлүмдө жерге ээлик кылуу пункту өзгөртүлгөн. Түзөтүүгө ылайык, «жерди сарамжалдуу пайдаланууга жетишүү жана адилет социалдык мамилелерди орнотуу максатында мамлекет жер менчигинин чектүү өлчөмдөрүн белгилейт».

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшү, кабыл алынышы жана аткарылышы мыйзам менен жана тиешелүү өкүлчүлүктүү органдардын чечими менен аныкталат деген пункт алынып салынган.

Руханий-маданий баалуулуктар тууралуу главага улууларга урмат кылуу, ата-энесине жана жакын туугандарына кам көрүү ар бир адамдын парзы жана милдети болуп эсептелет. Балдарга кам көрүү, аларды тарбиялоо ата-энесинин экөөсүнүн милдети болуп эсептелет деп кошумчаланган. Өзгөртүүлөр тууралуу долбоорго ылайык, 18 жашка чыккан эмгекке жарамдуу балдар, эмгекке жарамсыз ата-энесин камкордукка алууга милдеттүү.

22-берене толугу менен жарандардын «ыймандык жана руханий тарбиялоону, жогорку маданиятын» камсыздоого арналган. Эми мамлекет кыргыздардын, ошондой эле боордош элдин маданиятын сактоо жана өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгат, аларды коргоого кепилдик берет.

«Кыргыз Республикасы Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт, сергек жашоо ыңгайына жана инсанды патриоттук тарбиялоого көмөк көрсөтөт», — деп конституциялык реформанын долбоорунда жазылган .

Жеке укуктар жана эркиндиктер бөлүмүнө адамдын кадыр-баркына шек келтирүү мыйзам чегинде жазаланат деген пункт кошулган.

Ар бир жаран өз алдынча же башкалар менен бирдикте ар кандай динди тутуу же эч бирин тутпоо укугуна ээ деген пункт алынган.

Саясий укуктар тууралуу бөлүмдөн, жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга жана сарпталган чыгымдар тууралуу маалымат алууга укуктуу деген пункт алынган.

Ошондой эле, Конституциянын жаңы долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкарууга аксакалдар соту киргизилген. Колдонуудагы Баш мыйзамда аксакалдар соту экинчи бөлүмдөгү адам жана жарандардын укугу жана эркиндиги тууралуу главада каралган болчу.

Ушул бөлүмдөгү 59-беренеге ылайык, жарандар бул сотторду түзө алат, ал эми «аксакалдар сотторун уюштуруунун тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иши мыйзам менен аныкталат».

Жаңы версияда аксакалдар сотторун уюштуруунун тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иши мыйзам менен аныкталат. Бирок жаңы Конституция аларга 101-берененин негизинде кеңири ыйгарым укуктарды берген.

«Аксакалдар соттору алардын кароосуна берилген мүлктүк, үй-бүлөлүк талаштарды жана мыйзам менен каралган башка иштерди тараптарды жараштыруу жана мыйзамдарга каршы келбей турган адилет чечимди чыгаруу максатында карайт.

Аксакалдар сотторунун чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн», — деп жазылат документте.

Курамына жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөтү жана шаардык мэриялар кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мэр жана айыл өкмөт башчылары кирген: алар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте дайындалышы керек.

Өлкөнүн жаңы баш мыйзамы эмгек мигранттарынын социалдык жана экономикалык укуктарын коргоону мамлекетке милдеттендирген.

Руханий-маданий негиздер тууралуу бөлүмгө ылайык, мамлекет илимдин жана чыгармачылыктын бардык түрлөрүн жана тармактарын өнүктүрүү жана колдоо үчүн жоопкерчилик алат, илимий изилдөөлөрдөгү жетишкендиктерге, технологиялык инновацияларга жана ойлоп табууларга колдоо көрсөтөт. Аны менен катар, ар кимге, «эгерде мыйзамда башкача каралбаса», өзүн-өзү өстүрүү, жеке өнүгүү максатында эркин илимий, техникалык, көркөм жана башка чыгармачылыктын түрлөрүнө, окутуучулукка кепилдик берилет.

Эми Конституцияда жарандар массалык кыймылдарга катыша алары айтылат жана оппозициялык азчылыкты түзгөн адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана ар-намысын эч ким кемсинте албайт.

Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, анда президент, премьер, парламент жана БШК менен эмне болот?

Конституциянын жаңы версиясынын 3-беренесине ылайык, 2021-жылдын 10-январында шайланган президент кызматта алты жыл отурат. Алты жылдан кийин анын биринчи мөөнөтү аяктайт, демек, ал президент экинчи мөөнөткө да бара алат. Бирок алты жыл деп документтин эң аягында кошумча беренелерде көрсөтүлгөн, баш жагында (орус версиясында дагы) кеп беш жыл тууралуу болот.

Конституция күчүнө киргенде өкмөт дароо отставкага кетет. Өкмөттүн убактылуу курамын жана аткаруу бийлигинин бардык органдарын президент дайындайт.

Жогорку соттун судьялары жергиликтүү соттордун судьяларындай эле алардын мөөнөтү бүткүчө иштейт. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Конституциялык сот куралмайынча иштейт. БШК жана бардык деңгээлдеги кызмат адамдары аларды кайра шайлап же кайра дайындамайынча иштей берет.

Жаңы чакырылыштын депутаттарына келсек, алар жаңы Конституция жана анын негизинде түзүлгөн мыйзамга ылайык шайланат.

Кийин жаңы Конституцияны өзгөртсө болобу?

2010-жылдагы Конституция боюнча, аны парламент дайындаган референдум аркылуу өзгөртүү мүмкүн эле. Азыркы Конституцияда эки бөлүмдү өзгөртүүгө тыюу салынган: адамдын укуктары жана эркиндиктери тууралуу жана конституциялык түзүмдүн негиздери жөнүндөгү бөлүмдөр. Калган бөлүмдөргө өзгөртүү киргизсе болот. Жаңы Конституцияда (105-берене) өзгөртүүгө мүмкүн болбогон бир дагы бөлүм жок.

Учурдагы баш мыйзам боюнча, Конституцияны өзгөртүүнү 300 миңден ашык кыргызстандык же парламенттеги депутаттардын көпчүлүгү сунуштай алат. Өзгөчө абал режиминде жана аскердик абал убагында Конституцияга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынган.

Жаңы Конституция боюнча, өлкөнүн баш мыйзамынын бардык бөлүгүн өзгөртүү же кошумчалоону президент (өзү эмес, парламент аркылуу), парламент депутаттарынын 90дон көбү же 300 миңден ашуун шайлоочулар демилгелей алышат.

105-беренеден кийин, жаңы долбоордо баш мыйзамдын дал ушул версиясына тиешелүү 2ден 7ге чейин дагы кошумча 6 берене жазылган.

Ага ылайык, Конституциянын буга чейинки бардык версиялары президент кол койгон жана расмий жарыяланган учурдан тартып жокко чыгарылат. Бирок Конституция күнү 5-май боюнча калат. Ушул убакытка чейин иштеп келген мыйзамдардын баары жаңы Конституцияга каршы келбеген учурда гана күчүндө болот.

Эгерде анда кандайдыр бир карама-каршылыктар болсо, президент алардын ордуна конституциялык мыйзамдын күчүнө ээ болгон жарлыктарды чыгарат. Ал эми алар иштеп турганда, парламент менен өкмөт жаңы мыйзам жазып же эскиге түзөтүү киргизиши керек: буга жарым жыл кетет.