Сокулукта өгөй атасы тарабынан сабалган жаш баланын апасы тосмо арыз жазды

Өгөй атасы сабады делген 6 жаштагы бала

6 жашар баласын сабаган күйөөсүн кечиргенин айткан келин тосмо арыз жазып бергенин «Азаттык» билдирди.

Өгөй атасынан токмок жеген баланын апасынын адвокаты Шердор Абдыкапаровдун айтымында, келин «азыркы күйөөм менен жашайм» деп тосмо арызын жазып берган.

Абдыкапаров ошондой эле, учурда баланын абалы жакшы экенин жана аны Ат-Башыга таенесине алып кетишкенин кошумчалады.

Ал эми 24.kg маалымат агенттигине адвокат Абдыкапаров өзүнүн жумушун аткарганын жана акыркы чечимди келин кабыл алганын билдирген.

«Күйөөсү кармалганын угуп тосмо арыз жазууну чечти. Бул акыркы чечим аны баланын апасы кабыл алды», — деген ал.

Бирок «Балдардын укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекова келиндин жазып берген тосмо арызынын эч кандай күчү жок экенин билдирди. Ал баланын кызыкчылыгын эми Сокулук районундагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү коргой туганын айтты. Андан сырткары ал Сокулук районунун акимиаты, Социалдык өнүгүү башкармалыгы жана балдарга жардам берүүчү райондук борбор менен биргеликте Координациялык топ түзүлгөнүн маалымдады.

«Окуяга көз салып, баланы коргоо процесси ачык жана анын кызыкчылыгында болушуна колдон келишинче аракет кылабыз… Учурда Координациялык топ балага зомбулук жасалган үй-бүлөдөгү абалды иликтеп жатат», — деди ал.

Буга чейин Сокулук районунун «Поле чудес» конушунда 18-ноябрдын түнүндө өгөй ата 6 жашар баласын сабап, денесин көгала кылган. Ошол эле күнү күндүз 25 жаштагы келин Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине күйөөсүнө чара көрүү үчүн арыз жазган. Маалыматка ылайык, келиндин 9 ай боюнда болгон. Ал эми баланын денеси жана көзү көгала болгон сүрөтү социалдык тармакта тарап, анын ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери шектүүнү кармап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Аталган факты «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы бул иш ички иштер министрлиги менен облустук милициянын жетекчилигинин көзөмөлүндө экенин билдиришкен.