Сокулукта 6 жаштагы баласын сабаган өгөй атаны милиция кармады

Кармалган шектүү

Маалымат жаңыртылды

Сокулук районундагы «Поле Чудес» конушунда алты жаштагы баланы өгөй атасы сабап, учурда ал ооруканада экенин 24.kg басылмасы жазды.

Баласына болушкан эненин 9 ай боюнда бар экени жана анын боюнан түшүп калуу коркунучу бар экени айтылат. Ошондой эле, 6 жаштагы баланын денеси көгала болуп, мээси чайкалган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы «Клоопко» окуя 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү болгонун билдирди.

Ага ылайык, 18-ноябрда күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну кайрылып 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Анткени ал 17-ноябрдан 18-ноярга караган түнү болжол менен саат 12лер чамасында 2014-жылы төрөлгөн баласын эч себепсиз сабап, денесине жаракат келтирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталып, чогултулган материалдар окуя болгон аймагына жараша Сокулук районуна жөнөтүлгөн.

«Учурда райондук тергөө кызматы тарабанын азыр сотко чейинки өнүдүрүш жүрүүдө, зарыл болгон экспертизалар дайындалды», — деп маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле, учурда райондук милициянын кызматкерлери шектүү жаранды кармап, милицияга алып келүү үчүн анын үйүнө кетишкени маалымдалды. Андан сырткары маалымат кызматы сотко чейинки өндүрүш иши Ички иштер министрлиги менен жана Чүй облустук милициясынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынганын айтып ишендирди.

«Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова учурда шектүү киши Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалганын фейсбук барагына жазды.

Ал буга чейин 24.kg агенттигине окуя боюнча координациялык топ түзүлгөнүн билдирген.

«Сокулук районунун Үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүү борбору менен биргеликте биз зордук-зомбулуктан жапа чеккен баланы коргоо үчүн бардык ыйгарым укуктуу органдарды чогултуп жатабыз. Бул иш боюнча жергиликтүү социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы менен акимдин орун басарына дагы маалымат берилди», — деди ал.

Турдубекова ошондой эле, эне менен балага психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүлөрүн айтты.

Андан сырткары ал бул окуя кайдыгер эмес жарандар аны көтөрүп чыккандыктан коомчулукка жетип жатканын белгилеп, ушул сыяктуу көптөгөн окуялар жаап-жашырылып калып жатканына токтолду.

ТЕМА БОЮНЧА

Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт

Үй-бүлөлүк зомбулуктан кантип коргонуу керек: юристтин кеңештери