Нарында болгон атышууда бутуна ок тийген жаран өзүнө келе элек

24-ноябарда саат 18:00дөр чамасында Нарын шаарынын Кулубаев көчөсүндө жайгашкан «Корона» ресторанынын алдында болгон ок атышуудан бир адам жабыркады. Окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Нарын облустук ИИБдин маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова «Клоопко» курган маегинде эки адам уруша кетип, натыйжада бирөөсү каршылашына ок чыгарып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин билдирди.

«Саат 18:00дөр чамасында 102 кызматына белгисиз жаран чалып, ок атышуу болуп жатканын кабарлаган. Ыкчам тергөө кызматы окуя болгон жерге барганда бир адамга ок тийип, кылмышка шектүү качып кеткен», — деди ал.

Эсенгулованын айтымында, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын 23 жана 21 жаштагы тургундары пикир келишпестиктен уруша кеткен. 21 жаштагы тургун жанындагы белгисиз ок атуучу куралды алып чыгып атканда, көчөдө турган башка тургундун оң бутуна тийген. Андан кийин ал дагы бир жолу куралды урушуп кеткен тургунга багыттап ок чыгарганы жатканда, ал колунан кармап тоскоолдук кылган. Ок анын курткасын тешип өтүп кеткен, бирок ал жаракат алган эмес.

Бутуна ок тийген жаранга көчөдө өтүп бараткандар жардам берип машинасы менен оруканага жетикиришкен.

Эсенгулова кылмышка шектүүлөр аныкталып, аны кармоо иштери башталганын билдирди. Ал эми жабырлануучу азыр Нарын шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө жатат. Азырынча ал эсине келе элек экенин маалымат катчы кошумчалады.