Өлкөдө жаңы жылдык корпоративдерге тыюу салынды

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 26-ноябрда бирифинг учурунда Кыргызстанда жаңы жылдык кечелерге тыюу салынып жатканын кабарлады.

«Анткени биз жакшы билебиз, мындай корпоративдик кечелерде көп киши топтолот, адамдар жеңил кийинишет, сезондуу грипптин тезирээк жайылып кетишине түрткү болушат. Социалдык дистанция, беткап режимдери такыр сакталбай келе жаткандыгы бардыгыбызга эле белгилүү. Ошондуктан мен так эле жооп берип коёюн, жаңы жылдык кечелер, өзгөчө мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерине толук өткөрүлбөш керек деген тыюу салынып жатат», — деп айтты Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр корпоративдерге тыюу салуу маселеси боюнча өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артём Новиков бардык маморгандар менен жергиликтүү бийликке катаал тапшырмаларды бергенин эскертти.

Коронавирус жана чектөөлөр

Ушул тапта Кыргызстанда 24-мартта киргизилген өзгөчө кырдаал режими сакталып турат. Аны менен катар бир катар экономикалык ишмердүүлүктөргө чектөө киргизилген: кафе-ресторандар, театр жана кинотеатрлар, соода борборлору жана базарлар жабылган.

Кийин бийлик ишкерлерге чектелүү убакыт аралыгында иштөөгө уруксаат берген.

Учурда коомдук тамактануу жайлары массалык иш-чараларга тыюу салынгандыктан бир эле учурда 50дөн ашпаган адамды тейлөө менен түн жарымына чейин иштей алат.

Иштөөгө жарым-жартылай уруксат берилгенине карабастан, сентябрдын аягында Бишкектеги ресторандардын ээлери зыян тартып, жумушсуздук болуп жатканын айтып, аларга толук кандуу иштөөгө уруксат берүү талабы менен митингге чыгышкан.

Бизнестин айрым түрлөрүнө салынган тыюу менен бирге өлкө мектептерине офлайн окуп баштоого уруксат бериле элек. Ошол эле маалда адамдар көп топтолгон коомдук транспорт жана базарлар ишин улантууда.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин божомолу боюнча, Кыргызстан учурда коронавирус жуктуруунун туу чокусун баштан өткөрүп жатат.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда COVID-19 жуктуруунун 71 171 учуру катталды. Алардын ичинен 62 544 бейтап айыгып, стационарлар менен ооруканалардан чыгарылган. Пандемия маалында коронавирус жана ооруканадан тышкаркы пневмонияга кабылган 1 251 бейтап каза болду.