Бишкек: Мэрия курулуштардан үнөмдөлгөн акчаны мектеп жана бала бакчаларды оңдоого бөлдү

Калаа мэриясы 2020-жылдын курулуштарынын тендерлеринен үнөмдөлгөн акчаны 13 билим берүү мекемесин оңдоого жумшоону чечти. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, тендерлерден 12 млн 772 миң сом өздөштүрүлбөй калган.

Ошентип Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы 26-ноябрда авариялык оңдоо өткөрүүгө конкурс жарыялады. Билдирме кабыл алуу 3-декабрга чейин уланат.

Кай жерде эмне оңдолот?

№3, 20, 26, 71 мектептери жана №109 жана 134 бала бакчалары — мектептин аймактары аркылуу өткөн тышкы жылуулук трассалары.

№1 мектеп — тышкы жылуулук тармактары жана ички жылуулук берүү системалары.

№84, 93 мектептери — электр жабдуулары жайгашкан орун жайлар.

№58 мектеп — тышкы электр кабели алмаштырылат.

№46 жана 28 мектептер — тышкы канализация түтүктөрү.

Акыркы эки мектеп жааматтын катарына «иш жүзүндө иштебеген» адамдар алынып, аларга акы төлөнүп келингенине байланыштуу чуу менен белгилүү болгон. Башкы прокуратура №28 мектепте беш жыл бою иш жүзүндө иштебеген, бирок айлык алып жүргөн мугалимдер болгонун аныктаган. Натыйжада мамлекетке 5 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Ушундай эле схема 2015-жылы да №46 мектептин директору тарабынан колдонулган.

Аймактардагы авариялык абалдагы мектептер

Жайында мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын аягына чейин өлкөдөгү бардык авариялык абалдагы мектептердин реконструкциясын аяктоону убадалаган. Ал ошондо бюджетте кырдаал «оор» болгонуна карабастан, бул үчүн керектүү каражат бөлүнгөнүн билдирген.

Ал мектептерди оңдоп-түзөөнү расмий түрдө убадалап, алардын тизмесин келтирген:

  • [Беловодский айылынын] Москва районундагы Биринчи май мектеби;
  • Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя мектеби;
  • Кочкор районундагы Туз мектеби;
  • Нарын районундагы Эмгек-Талаа жана Кеңеш айылдарындагы мектептер;
  • Кара-Суу районундагы Ак-Терек мектеби;
  • Ноокат районундагы Жаш мектеби;
  • Өзгөн районундагы Кысык-Алма жана Конкошев атындагы мектеп;
  • Кара-Буура районундагы Көк-Дөбө мектеби;
  • Талас районундагы Нанаев атындагы мектеп.

Бүгүнкү күндө бул тизменин ичинен бир гана мектептин ремонту бүткөнү белгилүү — Өзгөн районундагы Кысык-Алма мектеби 22-сентябрда ачылды. Массалык иш-чараларга тыюу салынганына карабастан, анын ачылышында көп адам чогулган.