Бишкекте мектепте иштебеген 10 кишиге беш жыл бою айлык төлөнүп келген

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда жайгашкан №28 мектепте эмгектенген он адам жумушка келбей айлык алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, аталган мектепке мугалим, лаборант, ийримдердин жетекчиси мыйзамсыз жумушка алынган. Алардын документтери каттоого алынып, 2015-жылдан 2020-жылга чейин аларга маяна чегерилип турган. Натыйжада бюджетке 5 миллион 221 миң 600 сом зыян келтирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча каттоого алынып, учурда тергөө амалдарын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы жүргүзүүдө.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май районунун прокуратурасы мектеп окуучуларынын онлайн сабакка катышып-катышпаганын текшерүүгө алган. Прокуратура бул кадамын — жашы жете элек балдардын укук бузууларын жана көзөмөлсүздүгүн алдын алуу болуп саналгандыгы менен түшүндүргөн.

Анткен менен көпчүлүк ата-энелер прокуратуранын бул аракетин аралыктан окутуу системасынан улам стресске кабылган ата-энелер менен окуучуларга карата психологиялык басым деп эсептешкен.