Ош: Тепкичтен унаа айдаган киши мурдагы милиционер болуп чыкты

Социалдык тармактарда белгисиз кишинин жол тандабас унаасын тепкичтерден айдап чыккан тасмасы 26-ноябрда тарады. Тасма Ош шаарынын «Дом быта» аймагында тартылган.

Тасманы мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров да бөлүшүп, «чара көрүлөрүн» маалымдаган.

Окуяны тасмага тарткан киши «Бекназардын машинасын текшерип жатабыз» деп, унаа менен тепкич аркылуу көпүрөгө көтөрүлгөн. Ал эми айдоочу жолго чыгуу үчүн арыктын үстүнөн айдаган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Автоээнбаштык» окуясы боюнча териштирүүнү баштап, 33 жаштагы тургунду кармады. Шектүү буга чейин Ош облустук милицияда иштеп, бирок 2016-жылы кызматтан кеткени айтылууда. Жол тандабас «Гранд-Чероки» үлүсүндөгү унаа болгону аныкталды.

Учурда тиешелүү адистер муниципалитетке келтирилген зыянды эсептеп жатышат.

Өткөн жылдын июнь айында Кара-Суу районунун 21 жаштагы тургуну унаасы менен Оштогу Сатылганов атындагы парктын тепкичтеринен түшүп аны талкалаган. Айдоочу милиция тарабынан табылып, чыгымдарды төлөп берген.