Ош: Эс алуу бактын тепкичин унаасы менен талкалаган тургун кармалды

Белгисиз тургун жеңил унаасы менен тепкичтен түшүп жатат. Видеодон алынган скриншот

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов паркынын тепкичтери 10-июнга караган түнү талкаланган. Белгисиз тургун жеңил унаасы менен тепкичтен түшүп жатканы эс алуу багынын видео камерасына тартылып калган. Милициядан күнөөкөр кармалганын билдиришти.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров 11-июнда фейсбук баракчасына тасма жүктөгөн. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина Токтогул Сатылганов эс алуу багынын тепкичтери аркылуу түшүп бара жатканын көрүүгө болот. Мэриядан мындан улам сары таш тепкичтердин бир нечеси талкаланганын билдиришти.

«Окуя 9-июндан 10-июнга караган түнү болгон. Баары видео көзөмөлгө түшүп калган. Бул жаңыдан эле оңдолуп жаткан парк болчу. Каражат, мээнет кеткен эле», — деп түшүндүрдү Абсаттаров.

Жергиликтүү бийлик укук коргоо органдарына кайрылып, күнөөкөрдү таап, андан келтирилген зыянды калыбына келтирип берүүсүн талап кылган.

Ош ШИИБнен парктын тепкичтери аркылуу унаасын айдап түшкөн тургун 11-июнда кармалганын «Клоопко» кабарлашты. Ал Кара-Суу районунун 21 жаштагы жашоочусу болуп чыкты.

«Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Айдоочу бул аракеттерин "жолдон адашып кеттим эле" деп түшүндүрүүдө. Ал толук чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин айтты», — деп билдирди шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Укук коргоо органдары фейсбуктагы барагына видео жарыялаган, анда кармалган тургун кайрылуу жасап, күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сураган.

Токтогул Сатылганов атындагы парк 1919-жылы негизделип, анын жалпы аянты 9 гектарды түзөт. Көп жыл каралбай турган эс алуу жайын оңдоо иштери 2017-жылдын декабрь айында башталган.

Паркты жарыктандыруу, канализация жана суу түтүктөрүн тартуу, таман таш басуу, көзөмөл камера орнотуу иштери аяктаган. Учурда айкел орнотуу, анын айланасына оргума куруу иштери жүрүүдө.

Эс алуу жайды оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бюджеттен 15 млн сомдой каражат бөлүнгөн. Парк быйыл 100 жылдыгын белгилейт.