Өзгөн районунда 60 орунга ылайыкталган жаңы төрөт үйү ачылды

Ош облусунун Өзгөн районундагы аймактык ооруканада 60 орундук төрөт бөлүмү ачылды. Төрөткана Кувейт мамлекетинин «Ас-Сафа» коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү менен курулган.

Имараттын 25-ноябрда өткөн ачылышына Саламаттык сактоо министрлигинин, Ош облусунун жетекчилигинин өкүлдөрү, Өзгөн районунун акими жана демөөрчү болгон уюмдун өкүлдөрү катышкан.

«Өзгөн аймактык ооруканасынын пайдаланылып жүргөн төрөт бөлүмүнүн имараты 1965-жылы курулган. Жаңы имаратка муктаждык жаралып, анын курулушу 2019-жылы башталган болчу», — деп маалымдады облустун өкүлчүлүгү.

Жаңы төрөтканада бейтаптар жана кызматкерлер үчүн бардык тийиштүү шарттар каралган.