Ализа Солтонбекова: Элибиз үй-бүлөлүк зомбулукка «унчукпоо» маданиятынан арылышы керек

Ализа Солтонбекова

25-ноябрь — Аялдарга карата зомбулуктун тамырын кыркуу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Кыргызстанда дал ушул күндөн тарта «Зомбулуксуз жашоо» деп аталган 16 күндүк өнөктүк өз ишин баштады. Акция 10-декабрда, Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

«Клооптун» кабарчысына эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбекова Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга кандай аракеттер көрүлүп жатканын жана эмне үчүн зомбулук фактылары азайбай жатканы тууралуу маек курду.

Кампаниянын максаты

Мындай иш-чара өлкөбүздө жыл сайын өткөрүлүп келет. Өнөктүктү өткөрүүнүн негизги максаты, коомчулукта зордук-зомбулукка көз жумуп койгон адатты жоюу жана басмырлоону токтотуу боюнча бирдиктүү аракеттерди күчөтүү. Кампаниянын алкагында өлкөбүздүн бардык аймактарында зомбулукту алдын алууну көздөгөн иш-чаралар уюштурулат. Мындай кырдаалда адисттер менен аймактарга барып жеринде тегерек столдорду же конференцияларды өткөрүү туура болбой калат. Ошондуктан бардык иш-чаралар онлайн түрүндө өтөт. Онлайн дискуссиялар уюштурулат. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, видео-роликтер, макалалар байма-бай жарыяланып, элде гендердик зомбулукту бекемдөөчү социалдык ченемдерди өзгөртүш үчүн «үн катпай коюу» маданиятын жокко чыгаруу боюнча маалыматтык иштер жүргүзүлөт.

Ишеним телефону жана кризистик борборлор

Үстүбүздөгү жылы Аялдардын укутары жана гендердик зомбулукту токтотуу боюнча Кеңеш түзүлдү, парламенттин депутаттары тарабынан Жазык-процессуалдык мыйзамына үй-бүлөлүк зомбулуктун айыпкерин кармоо жөнүндө укуктук норма киргилди. Биздин министрлик тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка таасир этүүнүн ыкчам чаралары планы кабыл алынды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын аткаруу үчүн кошумча 5 штаттык бирдик бөлүнгөн. Эми министрликте 117 ыкчам номери иштейт. Бул ишеним телефону аркылуу бардык зомбулукка кабылган жарандар кайрылса болот. Учурда өлкөнүн ар бир аймагында да иштетүү каралууда.

Ошондой эле өлкөдө кризисттик борборлор зомбулукка кабылган жарандар менен түздөн-түз иш алып барууда. Үстүбүздөгу жылы пандемиянын шартында дагы бир кризисттик борбор ачылды. Ал эми жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасы көңул кубантарлык болбой келет. Алсак, 2020-жылы өткөн жылдын он айына салыштырмалуу өлкөдө зомбулук 13 пайызга өскөн, тактап айтканда өлкө боюнча 7667 зордук-зомбулук катталган. Зомбулукка кабылгандардын көпчүлүгүн аялдар түзөт. Басмырлоого кабылгандарды колдоо багытында Кыргызстанда 17 кризисттик борбор иш алып барат. Ал эми 2021-жылга карата өкмөт тарабынан 3 млн 400 миң сом дагы бир Кризисттик борбор куруу үчүн каралды.

«Элеттик айымдар өз укуктарын коргоодо жардамга муктаж»

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, жогорку жаза — зордук-зомбулук көрсөткөн жаран беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок, мындай жаза менен жоопко тартылгандар жокко эсе. Мунун эң башкы себеби, аялдар ачуусу келип турган чакта арыз жазып, кайра бир-эки күндөн кийин арызын алып коюшат. Тактап айтканда тосмо арыз жазып коюшат. Үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70 пайыздан ашыгы тараптардын келишип алышы менен токтоп калаары айтылып келет.

Дегеле аялзаты табиятынан кечиримдүү келет экен. Өзү кыйналып турса да балдарынын келечеги үчүн бардыгына кайыл болуп жашайт. Айрыкча айыл жеринде аялдарга ырайымсыз мамиле жасоо арбын. Андыктан элеттик айымдардын көпчүлүгү өз укуктарын коргоодо жардамга муктаж. «Зомбулуксуз жашоо» кампаниясынын өткөрүлүп туруусу кайсы бир деңгээлде өз укугун коргой албаган аялзатынын өсүп-өнүгүүсүнө колдоо көрсөтөт деген ойдомун.

Зордук-зомбулукка болгон кайдыгерлик

Басмырлоого кабылган жарандардын укугун коргоо максатында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жаңы мыйзам кабыл алынган. Мурда жабырлануучу өзү укук коргоо органдарына арыз жазышы керек болсо, 2017-жылы чыккан мыйзамда зомбулукка кошунасы же башка бирөө күбө болсо, анда ал дагы укук коргоо органдарына кайрылууга укугу бар экендиги жазылган. Бирок бул мыйзам жүзөгө ашпай келет.

Ушул сыяктуу мыйзамдарды кабыл алуу менен гана токтоп калбастан, анын иштеши тыкыр көзөмөлгө да алынышы зарыл. Белгилей кетүүчү жагдай, бардыгын мыйзамдын иштебегендиги менен чектеп коюу да туура эмес. Элибиз зордук-зомбулукка кайдигер карабай, «унчукпоо» маданиятынан арылышы керек. Кыргыздын ар бир жараны адам укугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылып, басмырлоону токтотуу үчүн биргелешип аракеттенүүсү зарыл.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Эсиңиздерде болсо, жыл бышында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген. Үй-бүлөлү зомбулуктан жабыр тарткан жети аял өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

ТЕМА БОЮНЧА: «Башкы максат — аман калуу». Агрессор менен жалгыз калганда эмне кылыш керек?