Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 456 учуру катталды — жалпы 72 427 учур

Бишкек шаарындагы стационар

Республикалык штаб 29-ноябрда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 456 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 14 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 110 (үч медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 102 (төрт медкызматкер);

Чүй облусу — 101 (эки медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 37 (бир медкызматкер);

Баткен облусу — 30;

Ош облусу — 26 (төрт медкызматкер);

Талас облусу — 24;

Ош шаары — 10;

Нарын облусу — 8.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 382 бейтап айыкты — алардын арасында алты медкызматкер бар. Мындан сырткары ооруну жуктурган төрт киши көз жумду.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 116, Чүй облусунда — 65, Жалал-Абад облусунда — 55, Ош облусунда — 50, Ысык-Көл облусунда — 43, Ош шаарында — 18, Талас жана Баткен облустарында 13төн, Нарын облусунда тогуз бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 72 427ге жетти. Анын ичинен 63 789 бейтап айыгып, 1 266 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 2 840 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 111 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 760 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.