Мэрия башкармалыктарды Башкы прокуратуранын мурдагы имаратына отургузууну каалайт

Бишкек шаарынын мэринин м. а Балбак Түлөбаев 1-декабрдагы басма сөз жыйында өрттөнгөндөн кийин бош турган Башкы прокуратуранын имаратын муниципалитеттин кызматкерлерине өткөрүп берүү маселесин талкуулады. Анын айтымында, имарат 10 жылдан бери ээн жатат, ал эми мэриянын кызматкерлери тар кабинеттерде кысылып иштеп келет.

«Биздин кызматтар, Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары шаардын ар кайсыл бөлүгүндө чачыранды болуп, тар жерлерде, кысылып иштеп жатышат. […] Келип биздин подвалдарды көрүп кетсеңер болот, канча адам отуруп иштеп жатканын», — деп белгиледи ал.

Түлөбаев мэриянын кызматкерлери үчүн буга чейин иштелип чыккан жаңы имарат куруу долбооруна макул эмес. План боюнча имарат учурдагы мэриянын аймагына курулмак.

«Эмне кереги бар? Имарат бар. Азыр адистер имаратты бузуу керекпи же оңдоп-түздөп колдонууга жарайбы же жокпу аныктап жатышат. Ал жерге Бишкек шаардык кеңешин, биздин кызматтарды киргизебиз. Алар ушул тапта отурган имаратты сатып же ижарага берсек болот. Мындай жол менен ал акчаны эки-үч жылда ордуна коёбуз», — деди Түлөбаев.

Анын айтымында, долбоорлоого акча бөлүнгөн жана муниципалитеттин адистери имаратты сүрдүрүү же оңдоо маселесин чечиши керек.

«Үч-төрт айдын ичинде мэрия мурдагы баш прокуратуранын имаратын бузуп кайра курууга же оңдоп-түздөөдөн өткөрүүгө конкурс жарыялайт. Ал эми 2022-жылдын жаз айларында мэриянын кызматкерлери жаңы орунда иштей баштайт», — дейт ал.

Буга чейин мэриядан бош турган Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна гүлбакча куруларын билдиришкен. Түлөбаевдин айтымында, аны кылууга мүмкүн эмес, себеп дегенде бул аянт гүлбакча үчүн анчейин туура келбейт.

«Фамилияларын атабай эле коеюн, айрымдар мейманкана, офис курууну каалаган. Кээ бири гүлбакча куралы дешкен, бирок гүлбакча курууга мүмкүн эмес. Анткени аянты кичинекей», — деп белгиледи мэрдин милдетин аткаруучу.

Башкы прокуратуранын имаратынын тарыхы

Башкы прокуратуранын Бишкек шаарынын борборундагы, Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараты 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөлгөн. Башкы көзөмөл орган бул окуядан кийин мурдагы президент Аскар Акаевдин китепканасына көчкөн. Өрт жалмаган имаратты жарнама баннерлерин илип жаап коюшкан.

2013-жылы өрттөлгөн имаратты бузууну чечишкен. Көп өтпөй шаар бийлиги бул оюнан кайтып, бул тилкени эң мыкты жасалгалоого конкурс жарыялаган. Бул конкурста мрамор капталган офистик же соода борборун куруу идеясын алып чыккан архитекторлор жеңишке жетишкен.

Андан кийин мэрия кайрадан оюнан кайткан: 2017-жылы өрттөнгөн имаратты оңдоп-түздөп калыбына келтирүүгө 120 миллион сомдук тендер жарыяланган. Калыбына келтирилген имаратка Бишкек шаардык кеңешин же мэриянын өзүн көчүрүп келүү пландалган.

Бирок конкурс өтпөй калган. Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы тендерге катышууга билдирме жөнөткөн фирмалардын бардыгынын документтери туура эмес болгонун айткан. Ал эми ошол кездеги шаар мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин сессиясында конкурска катышууга арыз берген 33 фирманын 20сы парламент жана шаардык кеңештин депуаттарына тиешеси бар деп билдирген. Экинчи ирет өткөрүлгөн тендер дагы аягына чыкпай калган.