«Азаттыктын» журналисттери көмүр казуу менен жан сактаган Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын тургундарынын жашоосу тууралуу репортаж тартып келишти. Кабарчылардын айтымында, бир жарым кылым мурда түптөлүп, сүлүк курттардын атынан коюлган шаар учурда акырындык менен жандана баштады. Буга жергиликтүүлөрдүн чет өлкөгө иштеп кеткендин ордуна мекенинде калып эмгектенгенди эп көрүшкөнү түрткү болууда.

Фильмде «Сүлүктүдөгү көмүр казгандардын эмгеги оор, жегени ак» экени айтылган — шахтадагы нөөмөт 12 саатка созулат, иш күнү-түнү токтобойт. Ошол эле учурда, көмүр казгандар «канча көп көмүр казсаң, ошончо көп акча табасың» деген принцип менен көп учурда жер алдында түштөнүшөт.

Көмүр ишканасынын бригадири Машарип Аширов мындай кыйынчылыкка чыдоо «абдан оор», ошондуктан айрымдар башка жактарга иштеп кетип жатышканын айтып берди.

Эмгек шарттары оор болгонунан тышкары, көмүр казуу дайыма шахтачылардын өмүрүнө коркунуч менен коштолот. Атап айтсак, акыркы эки жылдын ичинде эле ӨКМ Баткенде жер алдында 17 адам газга ууланып каза тапканын кабарлаган.

2020-жылдын июнь айында үч эркек киши жана бир аял газга ууланып каза болгон, 2019-жылдын декабрында ведомство төрт адам, ал эми октябрда тогуз адам мерт кеткенин маалымдаган.

Cүлүктүдөгү көмүр казуу тууралуу дагы окуңуз:

«Алар бардыгын тоношот». Сүлүктү көмүрү бир шаардын акча табуу булагы катары