Баткенде шахтадагы ис газына ууланып төрт адам каза тапты

Кырсык 10-декабрь күнү Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кеңдеринин биринде орун алган. Бул тууралуу «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова кабарлагандай, каза тапкандардын экөөсү бир туугандар. Ис газына уулангандардын эң улуусу 43 жашта, ал эми эң кичүүсү 23 жашта болгон.

Ошондой эле Бердикулова кенди «Ормон» ЖЧКсы иштетип жатканын маалымдады. Бул компания көмүр казуу үчүн лицензияны 2017-жылдын февраль айында алган.

Мурдараак үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Сүлүктү жана Кадамжайда эки күндүн ичинде жалпысынан 6 адам көмүр кениндеги ис газына ууланып каза тапкан.

Бул окуядан кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын өткөрүп, көмүр казуучу компаниялардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү күчөтүүнү жана мыйзамсыз казуу иштерин жүргүзбөө тууралуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.