Кубатбек Боронов коронавирус жуктуруп ооруканага түштү. Абалы канааттандыраарлык

Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19 диагнозу менен ооруканада жатат. Бул тууралу Бороновдун жардамчысы Руслан Турдумамбетов «Клооптун» журналистине билдирди.

«Абалы канааттандыраарлык, ооба ал COVID-19 диагнозу менен ооруканада, бирок реанимацияда эмес, ал апыртуу. Учурда ал врачтардын кароосунда», — деди Турмамбетов.

Кубатбек Боронов өлкө премьер-министрлигине үстүбүздөгү жылдын июнь айында келген.

Ал өкмөттү Кыргызстанда коронавирус күч алып турган маалда жетектей баштаган. Ал убакта калаадагы жана өлкө боюнча ооруканалар менен стационарлар коронавирус жуктурган бейтаптарга толуп, ал эми саламаттык сактоо системасы ооруну жаңы жуктуруп түшкөндөргө жардам көрсөтүүгө алы жетпей турган. Ага чейинки өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктарды арзан баада сатууга байланыштуу чырдын шартында кызматынан кеткен.

Өкмөттүн коронавируска каршы күрөшүүдөгү кемчиликтеринен улам Бороновдун дарегине коомчулук тарабынан көптөгөн сындар айтылган. Ошондой эле Бишкектеги жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулуш иштери дагы коомчулуктун купулуна толгон эмес. Бир ай ичинде тургузулат деген оорукананын курулушу кечеңдеп, ал эми соцтармактарда анын сырткы көрүнүшү «малканага» теңелген.

Боронов отставкага кетүү тууралуу арызын октябрь айында, саясий кризистин, Ак үйдү басып алуунун жана 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышынын шартында жазган.

Ал эми анын ордуна тарапташтарынын жардамы менен абактан бошотулган Садыр Жапаров премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган — алар Өкмөт үйүн дээрлик басып алышкан эле. Жыйынтыгында, алар коркутуулар менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүүгө жетишип, андан соң Жапаровго президенттин м.а. болууга да жардам беришкен.