Сүрөт: Өкмөттүн сайтынан алынды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул боюнча өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев кызматтан баш тарткандыгын радиожыштыктарды сатуу боюнча жүрүп жаткан иш менен байланыштырган. Бирок ал бул ишке өзүнүн тиешеси жоктугун белгиледи.

«Буга чейин дагы айтып келгем жана дагы бир ирет баса белгилеп кетким келет, бул ишке менин эч кандай тиешем жок, ал эми менин дарегиме айтылган айыптоолор негизсиз болуп саналат. Менин эки жумалык эмгек өргүүмдүн учурунда тергөө органдары мага кандайдыр бир маселелер менен кайрылышкан жок. Тергөө бардыгын өз ордуна коёт жана чыныгы мыйзам бузуучуларды аныктайт деп ишенем», — дейт Абылгазиев.

Абылгазиевдин айтымында, өлкө коронавирус инфекциясына каршы туруп жана анын экономикага келтирген кесепеттери менен күрөшүп жаткан шартта, өкмөт туруктуу иш алып барышы зарыл.

«Ал эми белгисиздик абалы өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирет. Ушул өңүттөн алып караганда мен өзүмдөн КР премьер-министри ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин кабыл алдым», — деп жазылат кайрылууда.

Мындан сырткары Абылгазиев кайрылуусунда буга чейин да радиожыштыктар ресурстарын узартуу жана кайра тариздөөгө байланыштуу кылмыш ишинин айынан кыска мөөнөттүү эмгек өргүсүн алганын белгилеген.

Учурда примьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дайындалды. Депутат Дастан Бекешовдун пикиринде, өкмөт башчылыгына азыр татыктуу талапкер болуп Боронов эсептелет.

Эске салсак, Абылгазиев өкмөт башчылыкка 2018-жылдын 20-апрелинде киришкен. Ал өлкө тарыхында эң узак премьер болуп иштегендердин катарын толуктайт.

Радиожыштыктарды сатуу боюнча тергөө иши

Депутат Жанар Акаев премьер-министр Абылгазиевдин радио жыштыктарынын «арзыбаган баага» сытылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп билдирген. Ал Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылганын, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын тушунда 200 МГц жыштык 700 сомго сатылууда деп айткан. Абылгазиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, депутат Жанар Акаев «жалган маалымат» таратууда деп билдирген.

Депутат Рыскелди Момбеков эки жыл мурун болгон иш боюнча башка аткаминерди — президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурбек Мамбетакуновду күнөөлөйт. Момбековдун айтымында, бул иштин айынан бюджетке 1,5 млрд сом түшпөй калган.

Абылгазиев менен Мамбетакуновду КТ «Мобайл» компаниясы байланыштырат. Момбековдун айтымында, Мамбетакунов компания жетектеген (жетекчилигинде Нурбек Мукамбетов көрсөтүлгөн), ал эми Абылгазиев — компаниянын директорунун орун басары Эрназар Рысалиев менен туугандык байланышта болгону үчүн аз жерден кызматынан ажырап кала жаздаган.

Ошондой эле, Биринчи Май райондук соту 15-июнда «Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалганын маалымдады. Ал «Коррупция» беренеси менен шектелип, Биринчи Май райсотунун чечими менен 12-июлга чейин камакка алынды. Халдаров да радиожыштыктарды мыйзамсыз сатууга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Тема боюнча: