Ат-Башы айылындагы жаңы жана эски бала бакчанын көрүнүшү

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында курулушу беш жыл мурун башталган бала бакча дале бүтпөй келет. Мындан улам ондогон балдар үйдө тарбияланууга аргасыз. Себеби эски бала бакчада орундар жетишсиз.

Ат-Башы айылында мектепке чейинки билим ала турчу балдардын саны 200дөн ашат. Бала бакча болсо 85 кана балага ылайыкташтырылса, учурда ал жерде 100 ашык бала тарбияланууда. Мындан тышкары бала бакчанын эскилиги жетип, орундар жетишсиз.

«Учурда менин балдарым бала бакчага бара албайт. Бир баламды бакчага киргизүү үчүн 2 жыл кезекте турдум. Менин оюмча, бардык бала бирдей укуктарга ээ го дейм. Бир чети азыркы бала бакчанын абалы начар, балдарым үчүн да кооптоном. Айла жокто алып барабыз да», — деп билдирди Мээримжан Канаева.

Айыл тургуну Элдар Асанбаевдин эки баласы бакчага барат. Анын тун кызы бала бакчага барып баштаганда жаңы бакчанын курулушу башталган. Эми кызы мектеп курагына жетти, бирок бакчанын курулушу дагы деле бүткөрүлө элек.

«Кызым бакчага барып баштаганда эле жаңы бакча курулуп баштаган. Кызым жаңы бакчага барсам деген кыялы бар эле. Бүтүп калса балдарымдын таалим-тарбия алуусуна жакшы боломок да. Бирок бакча дагы деле бүтө элек», — дейт Асанбаев.

Учурда эски бала бакчанын курулушу эскирип, балдар менен иштөөгө эч кандай шарт жок. Себеби, 3 тайпага 3 гана бөлмө бар. Балдар ошол эле жерде уктап, ошол эле жерде тамактанышат. Уктоо убактысында бир жерге экиден бала жатат. Тыналиев атындагы бакчанын директору Жумагүл Сопотаеванын айтымында бул абал алардын билим берүүсүнө тоскоолдук жаратат.

«Балдар үчүн ашкана жок, уктоочу бөлмөгө эле ойноп, тамактанышат. Ажаткана да сыртта, эскилиги жеткен. Бирок кийинчерээк долбоор жазып балдар ойночу аянча жана даараткана салдырттым. Мурда орундар жетишсиз болгон үчүн мектептин бир корпусун сурап алган элек. Кийин окуучуларга да орундар жетишсиз деп кайра алышкан. Учурда балдар өтө көп»,- деп белгиледи Жумагүл Супатаева.

Жаңы бакчанын чатырын шамал учуруп кеткен

2015-жылы балдар үчүн орундар жетишсиз болгон үчүн Ат-Башы айыл өкмөтү бала бакча курууга тендер жарыялаган. Тендерди «Авангард-строй» жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) утуп чыккан. Бирок Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтынан тендерди табууга мүмкүн болгон жок.

Жаңы курулуп жаткан бала бакча 120 орунду, 5 тайпага ылайыкташтырылат деп пландалган. Учурда бала бакчанын 60 пайызы бүткөрүлгөн. Бул көп жылдык курулуш болуп эсептелинип, аны куруу үчүн айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен компанияга 23 млн сом төлөп бериши керек. Бирок азырынча айыл өкмөтү бул сумманын 19 миллионун таап, бөлүп беришкен.

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн орун барасы Кубан Жапаровдун айтымында, учурда курулушу бүтпөй турган имаратка табигый зыян келтирилип жатат.

«Курулушу бүтө электе бала бакчанын чатырын шамал учуруп кетти. Ал компаниянын эсебинен кайра ордуна келтирилет. Мындан сырткары жамгыр, кардан улам да дубалдарына зыян келиши толук мүмкүн», — деди Жапаров.

Ал эми Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров бала бакча жергиликтүү бюджеттин каражатына салынып жаткан үчүн, мамлекеттик менчик эмес экенин белгиледи. Бирок курулушту бүткөрүү үчүн айыл өкмөтүнө тапшырма берген. Балдар болсо эски бала бакчага барышат.

«Азыркытапта иштеп атышабы мен билбейм. Мен ушундай эле жалпы тапшырмаларды бергенге укугум бар. Эски бала бакчага МЧС жарабайт деген чечим чыгара элек, азырынча балдар эски бала бакчага барып турса болот», — деп билдирди Нурбек Сатаров.

Көйгөйдү жеринде көрүп келүү үчүн «Клооптун» журналисттери Ат-Башыга барганыбызда, айыл өкмөт башчы Кубан Чоробеков өзүнүн иш бөлмөсүнөн чыкпай, чогулушууга да келбей койду. Курулуш качан бүтөөрү жана курулушка быйыл каражат бөлүнөөрү тууралуу маалымат берген жок.

Жаңы бала бакчанын курулушу бүтпөй жатып чатырын шамал учуруп кеткен

«Авангард-строй» компаниясынын жетекчисинин кармалышы

«Авангард-строй» компаниясы Ат-Башыдагы бала бакчаны куруу үчүн эле эмес, бир катар мамлекеттик тендерлерге катышып, жеңип алган. Өткөн жылы бул компаниянын башкы директорун Нарын районунун Ак-Татыр айылындагы мектепти курууда финансылык мыйзам бузуулар үчүн кармашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин билдиргени боюнча, 2014-жылы Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалалыгы 275 орундуу мектеп курууга тендер жарыялап, «Авангард-строй» компаниясы менен келишим түзгөн. Долбоор 64 миллион сомго бааланып, акча бөлүнүп берилген. Курулуш иштери 2016-жылы бүткөрүлүшү керек болгону менен бүткөн эмес. Иштин аткарылбаганынан мамлекет 8 миллион сомдой зыян тарткан.

«Авангард-строй» жоопкерчилиги чектелген коому 2011-жылы Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн. Бул компания Теңизбек Темиралиевдин наамына катталган. Бирок бул кишинин көрсөтүлгөн телефон номерине чалып байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бирок, 2017-жылы Юстиция министрлигинде «Авангард Строй» аталышындагы дагы бир жоопкерчилиги чектелген коому каттодон өткөн. Компания Абыкеев Чыңгыз Шейшенбековичке катталган.

Эки компаниянын аталышындагы айырмачылык, болгону « - » белгиси. 2017-жылы катталган компаниянын Ат-Башыдагы бала бакчаны курууга эч кандай тиешеси жок.

«"Авангард-строй" деген фирма 2016-жылдарга чейин иштеп, көп кишилерди алдап, акчаларды жеп, ошентип жабылып калган экен. 2017-жылы мен дагы компания ачайын деп, тигил компания жоюлганда алардын «Авангард Строй» деген ат менен эле катталып койгом, болгону ушул эле», — дейт аталышы окшош компаниянын директору Чыңгыз Абыкеев.

Бирок, Юстиция министрлигин сайтында «Авангард-строй» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн токтоткондугу туурасында эч нерсе көрсөтүлгөн эмес.

Бала бакча маселесин блогер дагы көтөрүп чыккан

Нарындык блогер, журналист Эркежан Исаковага 28-октябрда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн иттин башын бирөөлөр үйүнө жөнөтүшкөнүн фейсбук баракчасына жазып чыккан болчу.

Эркежан Исакова «Клоопко» курган маегинде ал акыркы кездери коррупциялык иштерди чагылдырып жүргөнүн белгилеп, балким «мындай иштерге аралашпа, чыгарба» деген негизде аны коркутуу болгон деп божомолдогон.

Ал акыркы жолу Ат-Башы районундагы бүтпөй турган, бирок каражаты бөлүнгөн бала бакча маселесин көтөргөн. Исакова курулуп жаткан бала бакча жергиликтүү бюджеттен курулуп жатканын жана бул акчага тургундардын түздөн-түз тиешеси бар экенин белгилеген.

«Курулушка жумшалган акчага ушул жерде жашаган адам катары менин да тиешем бар. Бизден чогулган акчанын коррупциялык жол менен жок болуп кетишин каалабайт элем. Ошол себептен, бул чиеленишкен окуянын түйүнү чечилип, бала бакчанын курулушу бүтөт деп ишенем», — деген ал.

Авторлору: Найзабек Мукамбет уулу, Дилде Шатанова

Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.