Нарында блогерге иттин башы жөнөтүлгөн. Ал муну бийликти сындаганы менен байланыштырды

Нарындык блогер, журналист Эркежан Исаковага 28-октябрда өлтүрүлгөн иттин башын бирөөлөр үйүнө жөнөтүшкөнүн фейсбук баракчасына жазып чыккан.

Эркежан Исакова «Клоопко» курган маегинде куту Бишкек шаарынан келгенин айтты. Ошондой эле, ал иттин башында тили сыртка чыгып калганын билдирди. Андан сырткары ал акыркы кездери коррупциялык иштерди чагылдырып жүргөнүн кошумчалап, балким «мындай иштерге аралашпа, чыгарба» деген негизде аны коркутуу деп божомолдоду.

Ал акыркы жолу Ат-Башы районундагы бүтпөй турган, бирок каражаты бөлүнгөн бала бакча маселесин көтөргөн.

«Мен акыркы убактарда коррупцияга аралашкан иштерди блогер катары чыгарып жүрчүмүн. Ат-Башы районундагы бүтпөй турган бала бакчанын коррупциялык схемасын тууралуу элге жарыялап жүрдүм. Буга ким күнөөлүү? Акчаны кимдер жеп кеткен? деген суроого жооп издеп, ушул маселени аябай көтөргөм. Мындан башка дагы көп эле саясатка байланышкан нерселерди чыгарып жүрдүм. Бийликти көп сындайм», — деди ал.

Исакова кутуну ага таксист алып келгенин белгилеп, ал эми айдоочу кутуну жиберген кишини тааныбай турганын айткан.

Азыр ага көптөгөн кишилер жазып, «пиар кылып жаткан жоксуңбү?» деп сурап жатканын белгиледи. Ал пиар кылганга анын кызыкчылыгы жок экенин, болгон окуяны болгондой кылып жазганын айтты.

Блогер жөнөтүлгөн куту боюнча Нарын облустук ички иштер бөлүмүнө арыз жазганын билдирди.

Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова тергөө иштери Бишкек шаарында жүрүп жатканын билдирди.

«Бизге Эркежан Исакова арыз жазып кайрылган. Аны каттоого алып, Бишкек шаарына жөнөттүк. Окуя Бишкек шаарынан башталгандыктан иш Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилди. Тергөө иштери башталды», — деди Эсенгулова.

Исакованын фейсбук баракчасында учурдагы бийликти сындаган постторду кезиктирүүгө болот. Алардын бири экс-бажычы Райымбек Матраимовдун УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганына арналган. Анда блогер Матраимовдун кармалышы «шоу» деген позицияны кармаган.