4-декабрга карата президенттик шайлоого катышуучу 21 талапкер шайлоочулардын кол тамгаларын Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Мыйзам боюнча, талапкерлер 30 миңден кем эмес 60 миңден ашпаган кол тамга тапшырышы керек.

Ал эми депутат Самат Ибраев 15 033 кол топтогондуктан ал президенттик шайлоо жарышынан четтетилди.

Ошондой эле 20 талапкер 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төлөдү. Боршайкомдун жумушчу тобу сегиз күндүн ичинде талапкерлер тапшырган кол тамгаларды текшерип, анын натыйжасында президенттик жарышта кимдер калаарын аныктайт.

«Мөл Булак» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси Бабур Төлбаев – 58 029 кол;

Убактылуу милдеттерин токтоткон премьер-министр Садыр Жапаров – 59 998 кол;

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Аймен Касенов – 46 270 кол;

Коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев – 47 998 кол;

Экс-депутат Равшан Жээнбеков – 39 874 кол;

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов – 43 864 кол;

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров – 43 630 кол;

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров - 39 856 кол;

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев - 55 480 кол;

«Байыркы көчмөн цивилизациясы» фондунун төрагасы Кубан Чороев – 39 053 кол;

«Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор советинин кеңешчиси Жеңишбек Байгуттиев - 51 896 кол;

«Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун» директору Мыктыбек Арстанбек – 33 083 кол;

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова – 33 458 кол;

«Ошгаз» филиалынын директору Рашид Тагаев – 40 651 кол;

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов – 35 300 кол;

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев – 35 658 кол;

«KG Group» ЖЧКсынын директору Имамидин Ташов – 39 493 кол;

Экс-аткаминер Кубанычбек Токтосунов – 30 106 кол;

Эмгек жана социалдык өнүгүүнүн мурдагы министри Улукбек Кочкоров – 43 804 кол;

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев – 38 987 кол.

Алгач президенттик шайлоого талапкерлигин 65 киши койгон. Бирок алардын арасында мамлекеттик тил боюнча сынакты тапшырбаган, шайлоочулардын колдорун чогултпаган, шайлоо күрөөсүн төлөбөгөн жана соттолгондугу жоюлбаган талапкерлер шайлоого катышууну уланта алышкан эмес. Ошондой эле бир нече талапкер БШКга тапшырган арыздарын өз калоосу менен чакыртып алышкан.

Президенттикке талапкерлерди каттоо 15-декабрга чейин уланат. Ал күндөн тартып 2021-жылдын 9-январына чейин президенттик шайлоого карата үгүт иштери жүрөт.