Президенттик шайлоого катышуу ниетин 63 талапкер билдирди — тизме

Канат Исаев / Адахан Мадумаров / Клара Сооронкулова / Садыр Жапаров / Садык Шер-Нияз / Курсан Асанов / Улукбек Кочкоров / Каныбек Иманалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Ага ылайык, алгач өлкө башчылыкка 65 киши аттанган, бирок эки талапкер — политолог Бакыт Бакетаев жана Жыпаркул Тургуналиев — документтерини кайрадан чакыртып алышты.

Ал эми президенттик шайлоого катыша тургандардын тизмеси төмөндөгүчө:

1. «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров;

2. Коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев;

3. «Байыркы көчмөн цивилизациясы» фондунун төрагасы Кубан Чороев;

4. «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов;

5. Экс-депутат Бектур Асанов;

6. «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев;

7. Транспорт боюнча эксперт Абдыкаар Сыдыков;

8. «Улутман» партиясынын талапкери Сазыкбай Турдумалиев;

9. Саясатчы Нурлан Мотуев;

10. «Ошгаз» филиалынын директору Рашид Тагаев;

11. «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор советинин кеңешчиси Женишбек Байгуттиев;

12. «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова;

13. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Аймен Касенов;

14. Чүй облусунун Москва районун мурдагы акими Азамат Эсенбеков;

15. Экс-депутат Кубанычбек Кадыров;

16. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жетекчиси Элеонора Турдубекова;

17. Экс-депутат Садык Шер-Нияз;

18. Мерцбахер атындагы экологиялык-коомдук мөңгү фондунун төрагасы Үрүстөм Кабылбеков;

19. Илгиз Товкеев;

20. Экс-депутат Бактыбек Калмаматов;

21. «Куудул-Аралаш» коомдук фондунун президенти Жамбылбек Камчиев;

22. «Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун» директору Мыктыбек Арстанбек;

23. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева;

24. Экс-депутат Арсланбек Малиев;

25. «Шоппинг онлайн центр» ААКтын башкы директору Медер Болгомбаев;

26. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин деканы Анар Зарипова;

27. «Дербиш» фондунун директору Куттумидин Базаркулов;

28. Бакыт Романов;

29. «МЭНЭС» ЖЧКсынын директору Турсунбек Жумабеков;

30. «KG Group» ЖЧКсынын директору Имамидин Ташов;

31. Ербол Токтогулов;

32. №44 мектебинин мугалими Карагач Исмаилова;

33. Юстициянын экс-министри Марат Кайыпов;

34. Экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу;

35. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов;

36. Акын Темирлан Ормуков;

37. Премьер-министр Садыр Жапаров;

38. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев;

39. Жактоочу Орозбек Мадинов;

40. Анаркүл Араева;

41. «Балыкчи Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикменин төрагасы Акжолтой Тукунов;

42. Экс-депутат Равшан Жээнбеков;

43. Жеке ишкер Тынчтык Акжолтоев;

44. Айбек Эркетаев;

45. «Дари Строй» ЖЧКсынын директору Санжарбек Энназаров;

46. Каржы аналитиги жана мугалим Юлия Лилиенталь;

47. «Бүткүл жаштар» партиясынын төрагасы Чыңгыз Капаров;

48. Жаныбек Сүйүналиев;

49. Бишкек көп тармактуу тоо-кен коллежинин улук окутуучусу Жеенбек Искендеров;

50. Экс-депутат Кубанычбек Исабеков;

51. Базарбай Темишов;

52. «Борбордук Азиядагы тынчтык жана ѳнүгүү институту» коомдук бирикмесинин тѳрагасы Бактыбек Жумагулов;

53. Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбеков;

54. Жактоочу Елена Клипачева;

55. Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров;

56. Эмгек жана социалдык өнүгүүнүн мурдагы министри Улукбек Кочкоров;

57. Кубанычбек Токтосунов;

58. «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын бѳлүм башчысы Адилет Маматов;

59. «Сервискомп KG» ЖЧКсынын директору Султан Ажиматов;

60. МКК «М Булак» ЖЧКсынын башкы директору Бабыржан Тольбаев;

61. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев;

62. Мирлан Калыбеков;

63. КСДП фракциясынын депутаты Саматбек Ибраев.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Учурда президенттин милдеттерин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлгөн.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда отставкага кеткен. Буга 4-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышып, анын натыйжасында массалык толкундоолор жана өлкөдөгү саясий кризис курчуп кеткендиги себеп болгон.

Президенттик шайлоого катышууга ниеттенгендер 15-ноябрга чейин Боршайкомго арызыны тапшыры керек болчу. Мындан сырткары, талапкерлер 3-декабрга чейин аларды колдогон 30 миң жарандын колун чогултуусу зарыл.

Ал эми президенттикке талапкерлигин койгондор (же аларды өкүлдөрү) 7-декабрга чейин төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө талапкердин арызы же анын макулдугу менен саясий партиянын чечиминин протоколу;
  • талапкердин өмүр баянынын маалыматтарын көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы;
  • талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
  • талапкердин иштеген же окуган жеринен маалымкат;
  • мамлекеттик тилди билишинин деңгээли жөнүндө сертификат;
  • бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастаган документ;
  • талапкердин 2 даана 3х4 көлөмдөгү сүрөтү.

Борбордук шайлоо комиссиясы жети күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартибинин мыйзамга шайкештигин текшерип, каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечим чыгарат.

Ал эми президенттикке талапкерлерди каттоо 15-декабрга чейин уланат. Ал күндөн тартып 2021-жылдын 9-январына чейин президенттик шайлоого карата үгүт иштери жүрөт.