«Эл кереметти күтүүдө — андай болбойт». Жанар Акаев башкаруу формасын өзгөртүү тууралуу

Мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүдөн мурда өлкөнү кризистен чыгаруу керек болчу, бийлик шашылыш кадамдарга барып жатат. Бул тууралуу мыйзам долбооруна байланышкан талкуу учурунда Жанар Акаев айтып чыкты.

Ошондой эле, саясатчы эл өзгөрүүлөрдөн көңүлү калып барат деген кооптонуусун билдирди.

«Айыл-апага барсак, эл президентттик башкаруу керек, бир адам жооп бериш керек деп жатат. Элибиз жаңы келген бийликтен бир керемет күтүп жатат. Ушул Конституция кабыл алынса эле Кыргызстанда түп-тамырынан бери адилеттик орноп, чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлоп жатат. Бирок биз ачык айтып коюшубуз керек, андай болуп кетпейт», — деди ал.

Акаев эки жылдан кийин эле көңүл калат, ал эми бийлик Алмазбек Атамбаевдин жолу менен кетип жатат деп эсептейт.

«Ошондуктан биз элди алдабай, туурасын айтышыбыз керек. 2016-жылы Атамбаевдин тушунда Конституцияны көтөрүп келгенде ушул Баш мыйзам кабыл алынса, бейиш болуп кетет деп убада бергенбиз да. Үч жыл өттү, бирок андай болгон жок да», — деп билдирди саясатчы.

Президенттик жана парламенттик башкарууну жактаган саясатчылар эки жаатка бөлүндү. Президенттик башкарууну колдогондор парламенттик башкаруу жемишин берген жок деп сындап жатышат. Алардын оппоненттери өлкөдө парламенттик башкаруунун аты гана болбосо, өзөгү өзгөрбөгөнүн айтып, күчтүү президенттик бийлик иш алып барып, депутаттарга мыйзамдар президенттик аппараттан «жөнөтүлүп» турганын жүйөө катары келтиришти.