Токтогазиев: Эттин кымбатташына Өзбекстандын программасы менен ортомчулар себепчи

Иллюстративдик сүрөт

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бейрасмий маалыматтар боюнча Кыргызстандан күнүгө миңге жакын уй чыгарылып кетип жатканын маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле, расмий маалыматтар менен бейрасмий маалыматтардын ортосунда чоң айырма бар экенин кошумчалады.

Министр 2019-жылдын сегиз айында Кыргызстандан болгону 600дөн ашык бодо мал сыртка чыгарылса, быйыл 8 айда сегиз миңден ашык бодо мал чыгарылганын айтты.

Токтогазиев андан сырткары тирүү мал көбүн эсе, Аксы, Ала-Бука райондору жана Баткен аркылуу коңшу мамлекеттерге чыгарылып кетип жатканына токтолду. Бул өз кезегинде Кыргызстанда эттин баасынын көтөрүлгөнүнө алып келип жатканын билдирди. Андан сырткары айыл-чарба жаатындагы аткезчиликтин алдын алуу боюнча министрликтин атайын WhatsApp жана Telegram номерлери иштеп жатканын кошумчалады.

Министр өз сөзүндө коңшу Өзбекстан мал чарбачылыгын колдоо үчүн атайын программа иштеп чыгып, фермелерге колдоо көрсөтүп жаткандыктан Кыргызстандан бодо малдар көп чыгарылып кетип жатканын белгиледи.

«Азыр Өзбекстанга бир уйду алып келсе өзбек өкмөтү тарабынан бир миллион сум бөлүнөт, бул орточо 100 доллар. Азыр биздикилерди ортомчулар дагы азгырып, алар иштеп жатат. Андыктан жалпы фермелер кызыгып сатып жиберишүүдө», — деди ал.

Мындай көрүнүш Кыргызстандын ички рыногунда чийки сырьенун жетишсиздигине алып келип, эттин кымбатташын шарттаганын айтты.

Андыктан министрлик Кыргызстандан тирүү малды алып чыгууга чектөө киргизген болчу. Бирок этти сатууга тыюу салынган эмес.

Былтыр эттин дүң баасы 260-270 сом болсо, азыр 380-400 сомго чейин чыгып кеткенине токтолгон министр 12 миң сом айлык алгандар үчүн 1-2 кг эт алуу «роскошь» болуп калганын билдирди.

«Кыргызсанда тамак-ашта эт көп колдонулат. Андыктан эт тармагына артыкчылык берилет. Ошол эле учурда эттин кымбатташына алып-сатарлар дагы ойноп жиберди. Алар “баалар өсөт” дей берип чынында баалар көтөрөлдү», — деди ал.

Токтогазиев элди арзан азык-түлүк менен камсыздоо үчүн учурда ар жекшемби сайын өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында жарманкелер уюштурулуп жатканын кошумчалады. Бул жарманкеге ири өндүрүүчүлөр, импортерлор жана дыйкан, фермерлер катышып, продукциясын ортомчуларсыз элге түз сатып жатканына токтолду.

Акыркы эки жумада Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттаганы байкалууда. Бул тууралуу социалдык тармактарда кызуу талкуулар жүрүп, калктын аялуу катмары үчүн эт жана өсүмдүк майларын сатып алуу кыйынга туруп жатканын белгилешүүдө. Андан сырткары күнүмдүк колдонулган товарлардын баасы дагы жогорулаган. Сатуучулар мындай жагдайды чек аралар ачылбай жатканы жана өлкө ичинде муктаждык көп болуп жатканы менен түшүндүрүшүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА

Ош: Монополияга каршы агенттик эттин баасы эки жумадан кийин арзандайт деп убадалады

Баалар турукташканча сыртка тирүү мал жана айрым азыктарды чыгарбоо сунушталды