Ош: Монополияга каршы агенттик эттин баасы эки жумадан кийин арзандайт деп убадалады

Сүрөт: «Ынтымак» басылмасынан алынды

Ош облусунда эттин баасы эки жумадан кийин арзандашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Исматилла Сатимбаев «Клоопко» билдирди.

«Фермерлер учурда эки ай мурун мал жандыктар кымбат болуп жатканда алып алган малдарды союп, сатыкка чыгарып жатышат. Ал эми учурда малдын баасы кайра арзандады. Кымбат алынган малдар союлуп бүтсө, эт кайра арзандашы керек», — деди Сатимбаев.

Ошондой эле, ал эттин арзандашы үчүн өкмөт токтом кабыл алганын айтты. Ноябрь айында өкмөт башка мамлекеттерге мал жандыктардын чыгарылышына тыюу салган токтом кабыл алган. Бул токтом алты ай күчүндө болот.

Сатимбаевдин айтымында, эт сентябрь айынан баштап 5-7%га өсө баштаган. Ал эми өкмөт баа 20%дан ашып кеткен учурда гана көзөмөлгө ала алат, ага жетпесе сунуш берүү менен гана чектелет деди ал.

Кара-Суу районунда фермер болуп иштеген Бакыт Машиев эттин кымбат болушуна тоюттун да баасы таасир берип жатканын айтат.

«Учурда мал жандыктарды башка мамлекеттерге чыгарууга чектөө коюлду, эгерде ушул чектөө үстүбүздөгү жылдын январь айында коюлганда, тоюттун баасы да арзан болмок. Учурда малдын баасы түшүп жатканы менен баары бир тоюттун баасы кымбат болуп жатат. Малды арзан алганыбыз менен, аны багуу чыгымы көп болуп жатат», — дейт Машиев.

Сатимбаевдин айтымында, учурда уй этинин баасы Өзгөн районунда 400 сомго түшкөн. Ал эми Кара-Суу, Араван райондорунда жана Ош шаарында 450-460 сомдон сатылып жатат. Жаңы жыл майрамына карата бул баалар 420 сомго чейин гана түшүшү мүмкүн.