СК: Муниципалдык аткаминерлердин декларациялары 2021-жылы жарыяланат

Муниципалдык аткаминерлердин 2019-жылга карата декларациялары 2021-жылы жарыяланат. Бул тууралуу Kaktus Media басылмасына Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык кызматынан маалымдашкандай, 2020-жылдын апрелинде мыйзам кабыл алынып, ага ылайык, ушул жылдын апрель айына чейин 2019-жылга карата салык декларацияларын тапшырууга үлгүрбөгөн жарандар аны 2021-жылдын апрелине чейин тапшыра алышат. Бирок, жарандар 2019 жана 2020-жылга карата эки декларация тапшырышы керек болот.

Жеке тараптар категориясына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, транспорт жана кыймылсыз мүлк ээлери кирет.

Кризиске каршы чаралар

Салык отчетторун тапшыруу мөөнөтү жөнүндөгү мыйзам COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам өлкөдө орун алган экономикалык кризиске жараша бекитилген. 2020-жылдын март айында Кыргызстандын бийлиги жарандарды коронавирус илдетин жуктуруудан оолак кармоо үчүн өлкөгө ичинде кескин чектөөлөрдү киргизген. Анда бүткүл республика боюнча ишканалар, кафе, дүкөн жана соода жайлары жабылган.

Кыргызстандагы ишкерлер жана бизнесмендер чектөөлөрдөн улам иштей албай жатышканына даттанышкан. Кичи жана орто бизнес ээлеренин көбү чыгаша тартып, башкалары банкрот болушкан. Тейлөө чөйрөсүндөгү кызматкерлер жана сатуучулар жумушунан ажырап, үй-бүлөсүн бага албай жатканын билдиришкен.

Кийин өкмөт коронавирустун жергиликтүү калктын жашоосуна жана өлкөнүн экономикасына тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча план иштеп чыккан.

Чиновниктер калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүүнү, ал эми бизнес өкүлдөрүнө муниципалдык мүлк үчүн ижара акысын төлөө мөөнөтүн узартууну убадалашкан.

Ошондой эле, салык карыздары, социалдык чегерүүлөр боюнча мөөнөттү жылдыруу жана узартуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү чечими кабыл алынган.