Банк жана насыя берүү уюмдары кредиттик мунапыс үчүн кенемтени 2021-жылы алат — Каржы министрлиги

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы банктар жана башка кредиттик уюмдар менен Садыр Жапаров кыргызстандыктарга убадалаган «кредиттик мунапыска» байланышкан сүйлөшүүлөр кандай өтүп жаткандыгы тууралуу айтып беришти. «Кредиттик мунапыска» ылайык, 100 миң сомго чейин насыя алган жарандар 2020-жылдын декабрь, 2021-жылдын январь, февраль айлары үчүн үстөк пайызын төлөөдөн бошотулат.

«Улуттук банктын маалыматына ылайык 673 миң кредит үстөк пайызынан бошотулушу керек, бул максатка 1,2 млрд сомго жакын каражат керектелет», — деп билдиришти каржы министрлигинин басма сөз кызматынан.

Үстөктү кечкендиги үчүн 248 кредиттик уюмга компенсация төлөнөт — бул коммерциялык банктар, микрокредиттик компаниялар жана кредиттик союздар. Белгилүү болгондой, бул максатты ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт, декабрь айынын эсебинен эсептен чыгарылган пайыздар жана үстөк үчүн компенсация кредиттик уюмдарга январда, январь үчүн — февралда, февраль үчүн — мартта төлөнөт.

Жапаровдун «кредиттик мунапысы»

Насыянын үстөк пайызын жокко чыгарууну Садыр Жапаров көпчүлүккө 9-ноябрдагы Нарын облусуна болгон иш сапарында убадалаган. Ал кезде Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болуп турган. Ал жашоочулардын насыяларынын үстөк пайызын мамлекет төлөп берет жана ал үчүн бюджеттен 1,2 млрд сом бөлүнөт деп билдирген.

Кийин 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында Жапаров финансылык уюмдардын чыгымы мамлекеттин эсебинен компенсацияланбайт деп ишендирген.

«Булагы табылды. Биз алар тууралуу кийинчерээк, отчёт берип чыкканда айтып беребиз [...] Дагы бир жолу айтам, акча бюджеттен бөлүнгөн жок», — деп билдирген ошол убакта президенттин милдетин аткарып турган Жапаров.

Жапаров өз ыйгарым укуктарын өткөрүп бергенге чейин 100 миң сомго чейин насыя алгандарды пайыз төлөөдөн үч айга бошотуу тууралуу токтомго кол койгон. Финансылык уюмдарга компенсация төлөп берүүчү булак айтылган эмес. Бирок 4-декабрда Каржы министрлиги бул максатка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнө турганын «Клоопко» тастыктаган.

ТЕМА БОЮНЧА: Өкмөт 100 миң сомго чейин насыя алгандарды пайыз төлөөдөн үч айга бошотту