Бизнес-акыйкатчы бийликти ишкерлерге карата басым кылууну токтотууга чакырды

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерге катуу басым кылууну токтотуу өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Анын айтымында, жергиликтүү бизнес COVID-19 пандемиясынын кесепетинен катуу жапа чекти жана укук коргоо органдары тарабынан кысымдын күчөшү ишкерлердин банкрот болуусуна алып келиши мүмкүн.

«Мамлекеттик бюджеттин ордун толтуруу каалоосу түшүнүктүү, бирок бул иш-чаралардын узак мөөнөттүү кесепеттери эске алынышы керек. Пандемия жана октябрь айынын окуялары өлкө аймагындагы ишканаларга жана ишкерлерге катуу сокку урду; көпчүлүгү үзгүлтүккө учурап, кудуретсиз болду, калгандары бизнесте калуу үчүн күрөшүп жатышат, көптөгөн кызматкерлер бир нече айдан бери айлык ала элек. Бюджетке ишкердиктин субъекттеринен кошумча каражаттарды тартуу аракеттери аларды банкроттукка же мажбурлап жабууга алып келүүчү тобокелдиктерди пайда кылууда», — деп эсептейт Орд-Смит.

Ал бийликтин иш-аракеттери мыйзамдын үстөмдүгү принцибинен шек саноого түртүп, экономиканы калыбына келтирүүгө жолтоо болуп жана инвесторлордун тынчсыздануусун жаратып жатканын белгиледи.

«Ишкердик иш-аракеттерди жөнөкөйлөтүү, жагымдуу ишкердик чөйрөнү түзүү, бюрократияны азайтуу жана ишкерлерге азыркы кыйынчылыктардан чыгууга жардам берүү максатында аларга көрсөтүлүп жаткан жардамды кеңейтүү боюнча реформаларды тездетүү туура жана ылайыктуу көрүнөт», — деп белгиледи Орд-Смит.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда экономикалык абал кескин начарлаган.

Чакан жана орто бизнес ээлери маяна төлөй албагандыктан жумушчуларын кетирүүгө аргасыз болуп жатканын айтышкан. Ага карабай салыктарды жана ижара акысын төлөп келишет.

Бизнес-акыйкатчы коронавирус пандемиясынын кесепетинен катуу жабыркаган жергиликтүү бизнеске колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен бийликке бир нече жолу кайрылган. Ал өлкөдөгү саясий кырдаал экономикага дагы катуу сокку кылганын айтып, аны жөнгө салуу керек экенидигин билдирген.

«Ишкердиктин жана инвесторлордун чайпалган ишеними мыйзамдуулук тандалма эмес баарына бирдей болгондо, ишкерлердин укуктары бузулбастан, тескерисинче, корголгондо, мыйзам алдында бардыгы бирдей жоопкерчиликти алышканда, бардык иш-аракеттер ачык болгондо, анын ичинде, коррупцияны жоюуга багытталган иш-чаралар болгондо гана бизнестин жана инвесторлордун чайпалган ишеними калыбына келет», — деген ал.