Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков ноябрь айынын аягында чек арадагы көзөмө-өткөрмө пункттарын кыдырып, бажы аткаминерлерин сынга ала баштады. «Клооп» Новиковдун өкмөттү жетектей баштагандан бери бажы ишин жөнгө салуудагы аракетин айтып берет.

Көмүскө экономика менен күрөш

14-ноябрда Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын токтоткондон тартып өкмөт башчынын милдеттери Артём Новиковго өткөн.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу өзүнүн пландары тууралуу алгач 25-ноябрдагы парламенттин отурумунда билдирген. Анда 2021-жылга карата бюджеттин тартыштыгы талкууланып, Новиков каржы каатчылыгынын шартында экономиканы турукташтыруу үчүн өкмөт көрө турган чараларды санап берген.

«Келерки жылы салык жана бажы жол-жоболорун мындан ары карай санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бизнестин ишин жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерди колдоо менен катар эле, көмүскө экономикага каршы натыйжалуу күрөшүү бюджеттин киреше бөлүгүн камсыз кылууга жана социалдык милдеттенмелерди аткарууга мүмкүндүк берет», — деген Новиков ошондо.

«Жыйынтыктоочу пост»

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу бажыдагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги механизми — «Жыйынтыктоочу пост» деп айтты. «Жыйынтыктоочу посу» — бул товарларды эсепке алуунун бирдиктүү автоматташтырылган системасы. Бийлик ага салык, бажы, чек ара жана салмак-габарит эсепке алуу системасын бириктирүүнү пландаштырып жатат.

«Мунун негизинде биз бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык кирешелерди эсепке алууну гана түзбөстөн, ири импортерлорго тең атаандаштыкты камсыз кылуу менен ички рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзө алабыз», — деп эсептейт Новиков.

Анын алдында өкмөт баалардын индикаторлорунун манипуляциясын алдын алуу үчүн товарларды электрондук декларациялоону киргизүүнү пландап жатат. Ошондой эле Салык кызматы, Социалдык фонд жана Улуттук статистика комитетинин отчеттору бирдиктүү маалыматтык системасын киргизилет.

«Жыйынтыктоочу постту» «Торугарт» пунктуна киргизүүгө даярдык көрүү үчүн Новиков Нарындын профилдик маморгандарына бир жумалык мөөнөттө өлкө ичинде товарларды жүктөө, дезинфекциялоо, ташуу, электрондук коштомо документтерди тариздөө боюнча бирдиктүү алгоритмди аныктоону тапшырды.

Мындан тышкары, Бажы кызматына бир жумалык мөөнөттө товарлардын жүрүүсүн автоматтык эсепке алуу, жүк декларациясында кол менен түзөтүү мүмкүнчүлүгү чектелген биридиктүү электрондук маалыматтар базасын уюштуруу боюнча бирдиктүү концепцияны иштеп чыгуу, ошондой эле бул тутумду салмак көлөмдүк көзөмөлгө жана инспекциялык-текшерүү комплексине кошуу тапшырмасы берилди.


«Бажы тутумун модернизациялоонун алгачкы жыйынтыктарын бажы кызматынын борбордук аппаратындагы товарларды эсепке алуунун бирдиктүү операциялык борборун ишке киргизүүдө көрөбүз деп ишенип жатабыз. [...] Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин борбордун ачылышына жана тийиштүү өзгөрүүлөргө күбө болобуз деп ойлойм», — деп кабарлады Новиков.


Дареги айтылбаган сындар

Новиков 28-ноябрда Чүй облусунун аймагындагы Казакстан менен чектеш «Чалдовар» өткөрмө пункттун текшерип, анын кызматкерлерин чабал иштеп жатканы үчүн сынга алган. Негизинен премьер-министрдин м.а. салык кызматы 15-ноябрдан тартып товарларларды эсепке алуунун пилоттук тутумун ишке киргизүү тапшырмасын аткарбагандыгын баса белгилеген.

«Бирок жабдуулар орнотула элек электигин көрүп жатабыз. Бардык техника үкөктөрдө салынган боюнча турат. Бул тиешелүү кызматтардын толук аракетсиздиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт. Ошол эле учурда маалыматтар так болбогондуктан, өткөн күндөгүлөрдү алуу мүмкүн эмес», — деп нааразы болгон Новиков.

Ал алдыга коюлган милдеттерди аткарбагандарга тийиштүү чара көрүүнү тапшырып, жаңы тутумду текшерүү үчүн кайра дагы келип кетерин убада кылган.

Аткаминерлер «Чалдовар» КӨЖүндө Новиковго маалымат берип жатышат

Салык кызматы Новиковдун эскертүүлөрүнө жооп берип, өз мойнундагы жумушун берилген мөөнөттө аткарганын, ал эми «Жыйынтыктоочу пост» системасынын жабдыктарын башка маморгандары орнотушу керек болчу деп жооп кайтарган. Кызматтын маалыматына караганда, көзөмөл-өткөрмө жайынын ишине салыкчылардан башка сегиз маморгандын өкүлү катышат.

Бажы кызматы дагы сынды башка ведомстволордун дарегине оодарууга шашты. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, Кыргызстан ЕАЭБ кирери менен 2015-жылдын августунда «Чалдовар» көзөмөл өткөрмө пунктунан бажылык көзөмөл алынган — ал жакта товарларды эсепке алуу боюнча жабдуулар жок.

«Албетте, айтылган сындар Мамлекеттик бажы кызматынын дарегине эмес, башка көзөмөлдөөчү органдарга багытталган», — деп тактоо киргизген анда бажычылар.

Кытай менен жүк ташууларды жөнөкөйлөтүү

Артём Новиков Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин 30-ноябрда өткөн отурумунда Кыргызстан көзөмөл өткөрмө пункттары аркылуу жүк ташууларды ишке ашыруу процедурасын жөнөкөйлөтүүгө даярдыгын билдирген.

Эртеси күнү, тагыраагы 1-декабрда премьер-министрдин м.а Кытайдын Кыргызстандагы элчи айымы Ду Дэвень менен жолугушкан. «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешүүлөрдөн кийин кытай тарап иш убактысын 8ден 12 саатка чейин жогорулатууну сунуштаган.

Мындан тышкары, өткөрмө пункттар дем алуусуз күндө иштөө режимине өткөрүлөт. Ошондо чек арадагы пункттар аркылуу өткөн автотранспорттордун саны суткасына 30 машинага чейин өсөт.

Ду Дэвень Кытайдын бийлиги «Эркечтам» өткөрмө пунктунда эки кампа куруп, контейнерлер үчүн кран орнотууну чечкенин билдирген. Кыргыз тарап дагы пункттун өз жагындагы инфраструктурасын жабдуулоону чечкен.

«Торугарт» көзөмөл өткөрмө пункту

Чек арадагы Кытай менен чектешкен экинчи «Торугарт» өткөрмө пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү аба-ырайынын шарттарынан, анын ичинде кытай бийлигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча кабыл алган чараларынан көз каранды. Бирок Новиков 5-декабрда бул постко барып келди. Ал жакта премьер-министрдин м.а. бир катар эскертүүлөрдү берип, өлкөнүн бажы постторундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча пландарын айткан. Новиков ал жакта транспортту дезинфекциялоочу инфратүзүм, ошондой эле товарларды кайра жүктөөнү камсыздоочу аянттарды курууну пландоодо.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу 7-9-декбардагы түштүк аймактарга болгон иш сапарынын алкагында кыргы-кытай чек арасындагы «Эркечтам» экинчи өткөрмө пунктунун иши менен таанышат.

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттар

«Ак-Тилек Автожол» постунда документтерди текшерүү

Өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев дагы өткөрмө пункттардагы ар кандай кызматтардын маалыматтары дал келбесин айткан. Ал 3-декабрда Чүй облусундагы Казакстан менен чектеш чек арадагы «Ак-Тилек Автожол» пунктунун ишин көзөмөлдөө үчүн барган.

Аманбаевдин пикиринде, товарларды эсепке алуунун бирдиктүү тутумун киргизүү жана транспортту кароону контактысыз формага өткөрүүдөн сырткары, өткөрмө пункттарындагы кызматкерлердин ордун алмаштырууну киргизүү керек.

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров 4-декабрда Бишкектин жанындагы «Ак-Жол—Автожол» көзөмөл өткөрмө пунктундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкан.

Сабиров аталган пункт чек арадан өтүп жаткан жарандарга «ыңгайлуу шарт түзүү» үчүн реконструкцияланып жатканын белгилеген. Учурда ал жакта көзөмөл өткөрмө комплекси курулуп, инфраструктура жаңыртылууда жана аны заманбап жабдуулар менен жабдууда.

«Ак-Жол» өткөрмө бекети жаңы комплекси

УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын маалыматына караганла, өткөрмө пунктту реконструкциялоо иши 68% ишке ашкан. Бул каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Бажыдагы коррупция

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров үстүбүздөгү жылдын жай айларында «Торугарт» КӨЖүндөгү коррупциялык схемалар кандай иштей турганын айтып берген. Анын айтымында, бажычылар жүк ташуучуга бажы төлөмүн азайтып берүү үчүн декларацияларда кымбат товарларды арзанына алмаштырып жазып коюшат. Ал эми жүк ташуучу бажы кызматкерине ыразычылыгын айтып, «чөнтөгүнө» белгилүү бир сумманы төлөп берет.

Абакиров көзөмөл өткөрмө пункттарында Новиков айтып өткөн автоматташтырылган көзөмөл системасын киргизүү менен бажыдагы коррупцияга каршы күрөшсө болоорун айтып берген. Бирок, бажы кызматы анын сөздөрүн «популисттик» деп атаган, анткени ал сунуштаган чаралар Кыргызстандын чек араларында 2019-жылдын мартынан бери иштеп жатат.

«Торугарттагы» байкоочу камералар системасы

Бажыдагы коррупцияга байланышкан акыркы чырлуу окуя аталган кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышы менен байланыштуу. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Матраимов жана башка кызмат адамдарынын коррпуциялык схемасы бажы тармагында 2016-жылдан бери иштеп келген.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Бирок сот аны ошол эле күнү үй камагына коё берген. УКМК Матраимов тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын ноябрь айынын соңуна чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Матраимов 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин 2 млрд сом төлөп бере турганы боюнча ал учурда президенттин м.а Садыр Жапаров дагы айткан. Бирок Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 3-декабрга карата Матраимов 688,7 млн сом которгон.

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири. Кыргызстандын бажы кызматындагы коррупциялык схеманы журналисттер ачыкташкан.