Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине 688,7 млн сом которду

Каржы министрлигинин басма сөз кызматы ведомствонун атайын эсебине Райымбек Матраимов 688,7 млн сом которгонун «Клооптун» кабарчысына билдирди.

«Башында каражаттарды күн сайын которуу болуп жаткан, азыр болсо эки күндө бир болууда. Төлөмдөр качан которулуп жатканын так айта албайбыз, себеп дегенде операцияларды саат 16:00гө чейин ишке ашырса болот», — деп айтышты мекемеден.

Министрлик Матраимовдон алынган каражаттар азырынча эч жакка сарпталбаганын кошумчалады. Аларды кайда жумшоо тууралуу чечимди өкмөт кабыл алат.

Матраимов бере турган миллиард

КМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов үйүнө коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Матраимов 2 млрд сом төлөп бере турганы боюнча 4-ноябрда Садыр Жапаров дагы айткан. Жапаров ал учурда президенттин м.а кызматын аткарып турган. Ал Матраимов бул каражаттарды 2020-жылдын ноябрынын аягына чейин төлөп берет деп айткан.

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.